Menu

Моралдык зыян үчүн президентке 2 миллион сом төлөбөгөн журналист түрмөгө отурушу мүмкүн

Бөлүшүү:

Октябрь райондук соту Орунбековдун ишин кароодо. Бул тууралуу журналист Дайырбек Орунбеков “Азаттыкка” билдирди. Ал президент Алмазбек Атамбаевге 2 млн сомду төлөп берген жок деп айыпталууда.

Орунбековдун жактоочулары кабарлашкандай, мамлекеттик айыптоо журналистти эки жылга эркинен ажыратууну сурашы ыктымал.

Дайырбек Орунбеков 2014-жылы сентябрда Мaalymat.kg сайтына Ош окуясына байланыштуу макаласын жарыялаган соң Башкы прокуратура анда жазылгандар “президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирген” деп, кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийинчерээк арызды кароо Жарандык кодекстин негизинде жүргүзүлүп, журналистке 2 миллион сомдук доо коюлган. Июндан тарта Орунбеков айыппулду төлөй баштаган. Бирок Октябрь райондук ИИБ тарабынан “доону төлөгөн жок” деген айыптын негизинде Орунбековго каршы кылмыш иши козголгон.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: