Menu

“Кыргызтелекомдон” “Кыргызалтынга” кызматка секирген Мурадил Жумадилде уулу

Бөлүшүү:

«Кыргызалтындын» жетек­чисинин орун басары болуп Мурадил Жумадилде уулу дай­ындалды. Бул тууралуу «Кыр­гызалтын» ачык акционердик коомунун басма сөз өкүлү Тол­кун Камчыбекова кабарлады:

– Мурадил Жумадилде уулу экономика, каржы жана ин­вестициялар боюнча орун ба­сар болуп дайындалды. Аны бул кызматка Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу бо­юнча мамлекеттик комитет су­нуш кылып, директорлор кеңе­ши тиешелүү чечим чыгарды. Бул кызматты мурун Бектур Сагынов аркалап келген.

1985-жылы төрөлгөн Му­радил Жумадилде уулу мурун «Кыргызтелекомду» жетектеп келген. Ага чейин ал Мамле­кеттик мүлктү башкаруу фон­дунун төрагасынын орун ба­сары болуп иштеген. Калга­нын анын автобиографиясын аңтарып көрсөңөр «адресин» билесиңер, толук билесиңер го деп ойлойбуз.

Баса, «Кыргызалтындын» маалымат кызматынын бил­диргенине таянсак, жакын арада «Центерранын» ди­ректорлор кеңешинин кура­мында да өзгөрүүлөр болушу күтүлүүдө. Буга чейин «Цен­терранын» директорлор кеңе­шинин мүчөсү Нурлан Кышто­баевди Аскар Өскөмбаев ал­маштырган. Азыр директор­лор кеңешине Өскөмбаевден тышкары Бектур Сагынов ме­нен Эдуард Кубатов кирет.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: