Menu

Түптүн баш имам хатиби жол кырсыгын болтурбоо максатында Бирлик айыл элине жана айдоочуларга кайрылуу жасады

Бөлүшүү:

Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев эл ортосундагы ынтымакты бекемдеп, жаштарга туура багыт берүү максатында Бирлик айылынын эли менен жолугушту. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Эл менен болгон жолугушууга жергиликтүү жашоочулар, айыл жаштары, аксакалдар, айыл башчысы катышып, «Уялаш бир тууган» жана «Ынтымак» темаларында баяндамалар айтылды. Мындан сырткары билим алуунун зарылдыгы, терс диний агымдар, экстремизм, терроризм туурасында кеңири маалыматтар берилип, айрым маселелер боюнча суроо-жооп уюштурулду. Жолугушуунун акырында «Раббиуль авваль» айынын пазилети, өзгөчөлүгү туурасында жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын буйругунун негизинде жол кырсыгын алдын алуу максатында айдоочуларга жана айыл элине кайрылуулар жасалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: