Menu

Иранды бомбалоого үндөшкөн

Бөлүшүү:

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Жон Керри Вашингтондун Жакынкы чыгыштагы эң башкы үч өнөктөшү — Израиль, Сауд Арабиясы жана Египет — экс-президент Барак Обамага басым жасап, «Иранды бомбалоого» үндөшкөндүгүн билдирди. Ал бул окуя 2015-жылы июлда кол коюлган белгилүү өзөктүк макулдашууга чейин болгонун айткан, деп жазды Newsweek басылмасы.

Керринин айтымында, Иранга өч Жакынкы Чыгыштагы эки суннит өлкө жана Израилдин жетекчилери АКШ Тегеранга каршы аскердик аракеттерди башташы керектигин белгилешкен. «Алардын ар бири «силер Иранды бомбалашыңар керек, бул — алар түшүнө турган жалгыз нерсе» деп айтышкан», — деген Керри. Ошол эле маалда аталган өлкөлөр Иран менен согуш баштоо ыктымалдыгы үчүн АКШны эл алдында сындап келгендиктерин кошумчалаган.

Анткен менен Израилдин АКШдагы мурдагы элчиси Майкл Орен The Jerusalem Post гезитине берген маегинде Жон Керринин бул билдирүүсүн сынга алды. Анын айтымында, Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөрдөй эле Израиль дагы, АКШ Ирандын өзөктүк коркунучун аскердик кийлигишүү же дипломатиялык жол менен жок кылуу тандоосуна ээ болгонун түшүнгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: