Menu

Фото – ИИМ: Жалал-Абадда карактоого шектелген жарандар кармалды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жолдо каракчылык менен алектенишкен жарандарды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын 7-апрель күнү болжол менен саат 03:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл ШИИБдин нөөмөт бөлүгүнө Баткен облусунун Кадамжай районунун 28 жаштагы жашоочусу белгисиз адамдар тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттер жасалгандыгы жөнүндөгү арызы менен кайрылган. Арызда шаардын жээгиндеги жолдо кылмышкерлер “Субару” үлгүсүндөгү автоунаасы менен жабырлануучунун автоунаасын тосуп токтотушуп, андан соң тапанча менен коркутушуп, физикалык күч колдонушуп, акча каражатын тартып алышкан. Аныкталгандай, айдоочу жүргүнчүлөр менен кошо Бишкектен Баткен облусу тарапка сапар алышкан. Кара-Көл шаарынын жээгинде алар токтоп, кафеден тамактанып алууну чечишкен. Алар ал жактан чыгышып, бир нече убакыт жол жүрүшкөн соң, аларды автоунаада белгисиз адамдар кууп жетишип, токтогоо мажбурлашып, айдоочудагы жана жүргүнчүлөрдөгү 2000 сомдон ашык акча каражатын тартып алышкан.

Жогорудагы факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан тез арада карактап кетишкен кылмышкерлерди аныктоо жана кармоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кара-Көл ШИИБдин КМКнын кызматкерлери тарабынан тиешелүү көрүлгөн чараларынын натыйжасында, кылмыштын изин суутпай шектүүлөр кармалган. Жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Кара-Көл шаарынын тургундары, 1997-жылы туулган А.К жана 1998-жылы туулган О.Д. аттуу жарандар кармалышкан. Алар учурда иштебейт. Ошондой эле үчүнчү шектүү 2001-жылы туулган А.Б. аттуу май айында 18 жашка толот жана 9-класстан кийин окубай калган. “Субару-Легаси” үлгүсүндөгү автоунаасына кароо жүргүзүү учурунда ичинен оюнчук тапанча, бир нече бычак, акча каражаты жана документтер табылган. Аталган факты КЖБРге катталып,  Кара-Көл ШИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча сотко чейинки иликтөөлөр жүргүзүлүүдө. Кармалган эки жаран 1997-жылы туулган А.К жана 1998-жылы туулган О.Д. аттуулар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган топтун ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы териштирилүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: