Түркмөнстандын түндүгүндөгү Дашөгүз аймагынын бийлиги президент Гурбангулы Бердымухамедовдун келишине даярданууда. Анын алкагында көчөлөр тазаланып, оңдолууда. Ошондой эле базарлар менен дүкөндөрдөгү азык-түлүк баалары тыкыр көзөмөлгө алынды.
Маалыматтарга караганда, атайын кызмат өкүлдөрү базарларды кыдырып, сатуучулардан азык-түлүк бааларын төмөндөтүүнү талап кылууда. Алсак, соодагерлер 60 манаттык 50 литр өсүмдүк майын эми 45 манаттан кымбат сатпашы керек. Ал эми 4-5 манаттан сатылып жаткан жергиликтүү өндүрүштөгү сүттүн литрине болгон баа 1 манаттан ашпоосу шарт.
Дашөгүздүк ишкерлер бааларды мажбурлап төмөндөтүү сооданы чыгашалуу кылып жатканын билдиришүүдө. “Бизден талап кылып жаткан баалар эч кандай киреше алып келбейт. Мындай шартта биз иштей албайбыз”, – деди алардын бири.
Бердымухамедов башка талапкерлердин пайдасына телеканалдардагы убактысынан баш тарта тургандыгын билдиргени менен анын аймактардагы шайлоочулар менен жолугушуулары теледен байма-бай көрсөтүлүүдө.
Буга чейин 12-февралга белгиленген президенттик шайлоонун алдында Түркмөнстандын Демократиялык партиясынан талапкер, учурдагы мамлекет башчы Бердымухамедов Мары, Балкан жана Лебап аймактарына барып, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп келген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ