Menu

Дайынсыз жоголгон Е.Лященко деген жарандын болжолдуу орду аныкталды

Бөлүшүү:

Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө 28-июлда 1950-жылы туулган Каракол шаарынын тургуну Ивченко Галина Павловна арыз менен кайрылган. Арызда, 1988-жылы туулган кызы Лященко Екатерина Анатольевна 2017-жылдын 27-июлунда үйдөн чыккан боюнча кайтып келбегенин кабарлаган. Бул туурасында Ысык-Көл ИИБнын Басма сөз кызматы маалымдайт.

Ыкчам издөө иш-аракеттеринин негизинде Е.Лященко саат 07:30да үйдөн чыгып, Каракол шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан “Банк Азии” банкына жумушка кеткен. Ал жактан саат 12:45ке чейин иштеп, андан ары белгисиз тарапка кеткен. Жумуштан кеткенге чейин кардарлардын картасын алмашытырып алып, жыйынтыгында 182 000 сом акча каражаттары жетишсиз болуп чыккан, бирок Е.Лященко кыска убакыт ичинде сумманы толук эсептеп кардарга төлөп кутулгандыгы тууралуу түшүнүк кат жазган. Андан соң өз ыктыяры менен жумуштан кетип жатканын айтып экинчи түшүнүк кат жазган.

Аталган факты боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, багыт боюнча жогоруда аталган банк кызматкерин табуу максатында коллегалары, туугандары жана достору суракка алынган.
Дайынсыз жоголгон кыздын дарегин аныктоо үчүн тиешелүү мамлекеттик кызматтарга суроо-талаптар берилген. Ыкчам иликтөө иш-чаралардын жыйынтыгында Е.Лященко 2017-жылдын 28-июлунда саат 14:22де Бишкек шаарындагы “Манас” аэропортунан каттого туруп, №111881 рейси менен Россия Федерациясынын Москва шаарындагы “Шереметьево -2” тарапка учуп кеткени аныкталды.

Азыркы учурда дайынсыз жоголгон Лященко Екатерина Анатольевнаны издөө боюнча ыкчам-иликтөө иш-аракеттер Россия Федерациясынын аймагында уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: