Menu

4- декабрда “Манас” эпосунун күнү белгиленет

Бөлүшүү:

Эртең, 2018- жылдын 4- декабрь күнү  саат 14:00дө А. Малдыбаев атындагы  Кыргыз улуттук опера жана балет театрында “Манас эпосунун күнү” белгиленет. Бул тууралу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма-сөз кызматы маалымдады.

Иш чара Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын, Кыргыз  Республикасынын  Жогорку Кеңешиин жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтөт.

Манас – кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу.

“Манас” эпосунун үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча репрезентативдик тизмесине Кыргызстандын атынан катталган . Мындай чечимди дал ушул күнү 4- декабрда  Баку шаарында  материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин VIII жыйынында 24 мамлекеттен турган комитеттин мүчөлөрү кабыл алган.

2003-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар комитети Кыргыз Республикасынын атынан номинацияланган “Акын-манасчылардын көркөм өнөрү адамзаттын дүйнөлүк мурастарынын курамдык бөлүмү катары” долбоорун дүйнөлүк маданий мурастын шедеври деп жарыялаган.

Материалдык эмес маданий мурасты сактоо жана андан ары изилдөө Кыргыз Республикасынын элдеринин руханий кайра жаралышына жана андан ары маданий өнүгүшүнө багытталган шарттарды түзүү, ата-бабалардын мурасына аяр мамиле кылуу жана муундардын жолун жолдоочулугу, өз алдынчалыкты, улуттук жана тарыхый каада-салттарынын жана өзгөчөлүгүн сактоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизги милдеттеринен болуп эсептелет.



Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: