6-7-декабрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин жыйынына катышат. Жыйын Италиянын Милан шаарында өтөт.
Жыйындын алкагында министрдин ЕККУнун расмий өкүлдөрү, жыйынга катыша турган ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн бир катар тышкы иштер министрлери менен эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.
Ошондой эле, иш-сапардын алкагында Чыңгыз Айдарбеков Италияда окуп жана эмгектенип жатышкан Кыргызстандын жарандары менен да жолугат.
Мындан тышкары, 10-декабрда Брюссель шаарында министр КР-ЕБ кызматташтыгы боюнча Кеңештин 16-жыйынына катышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ