Menu

Төрөттөн каза болгон келин, жетим калган төрт бала…

Бөлүшүү:

Иллиюстративдүү сүрөт.

Үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрында, Бишкектеги Эне жана балдарды коргоо борборунан үч баланын энеси, 32 жаштагы Назгүл Имангазиева аттуу келин он жети күн комада жатып каза болгон. Ал 22-августта  кесарево жолу менен көз жаруу үчүн аталган төрөтканага барып көз жумган. “Анын өлүмүнө ак халатчандардын шалаакылыгы себепкер” деген маркумдун эжеси Наргүл Имангазиева окуянын чоо-жайына токтолуп кетти…

–Сиңдим менен күйөө балам төртүнчү ымыркайын күтүп жатышкан. Буга чейин Ысык-Көлдөгү төрөтканада баласы чарчап калган. Ошол себептен Бишкекке келишкен. Күйөө баламдын айтуусу боюнча Назгүл жолдо катар кыйналбай эле жакшы келген.

Сиңдим мага 21-августта: “Эже, мен 24-август күнү кесарево болот экенмин. Үчүнчү кызымды төрөткөн тааныш акушер-гинеколог эже бар эле, ошону менен сүйлөшүп койдум”, деп коңгуроо кылган. 22-август күнү саат төрттөрдө бейтапканага жатып, операцияга даярдануу үчүн такси менен Бишкектеги Эне жана балдарды коргоо борборуна барат. Ал күнү операция болорун билишкен да эмес! Сүйлөшөлү деп кабылдамага киргенде эле, “Бүгүн төрөйт” деп бир укол сайышыптыр. Уколду сайганда эле сиңдим күйөөсүнө: “Бакыт, мени бүгүн операция жасабай эле коюшсунчу. Мен өзүмдү жаман сезип баштадым.”, деп айтканынан күйөө балам акушер-гинеколог Гүлнура Мамаевага: “Балким, бүгүн жасабай эле коесуңар!?”, деп айтса, “Анда, мен эртең жасабаймын!” деп кыйкырып коюптур. Ошентип эле операция жасалчу залга алып кирип кетишет. Операциядан кийин баланы күйөө баламдын бооруна жаткырганда сиңдим эки жарым саат жакшы эле, “Дагы бир эркек бала төрөп алайын” деп сүйлөп жаткан дейт. Күйөө балам баланы балдар бөлмөсүнө берип, кайра келгиче келинчегинин оозунун тегереги көпкөк болуп, кан кетип (кровотечение) жаткан экен. Бул маалда операция жасаган акушер-гинеколог башка операцияга кирип кеткен болот. Кан токтобой жатып араң токтотушат. Туугандарына кан керек дегенинен, биз баарыбыз бирден барып кан бере баштадык. Канынын группасы да табылбай, бир гана агамдын канынын группасы туура келип, агам донор болду. Ал бала кезинде сарык болуп ооруган. Мен сарсанаа болуп жатып аны унутуп коюптурмун. Эстегенде, Бишкектеги ата-энеме чалдым. Алар дарыгерлер “эч нерсе болбойт” дегенин айтты. Андан кийин дагы беш жолу операция жасалды, бирок, Назгүл комага түшүп, 26-сентябрда каза болуп калды. Эми тагдырга айла жок экен да, бир туугандар ыйлай-сыктай бир боорубузду жоктоп отуруп калдык.

Эң кызыгы Назгүлдү жерге бергенден кийин, кыркына жакын Эне жана балдарды коргоо борборунан он эки киши куран окутуп, “Кызыңардын кыркын биз көтөрүп алалы”, деп келишиптир. Кыркын алалы дегени, демек, алар күнөөнү моюндарына алганы да, туурабы!? Бирок, атам: “Кызымдын кыркын эч кимге алдырбайм. Ар ким сот алдында, Кудай алдында жасаган ишиңерге жооп бергиле!”, деп жолго салган.

Албетте, мындай оор сыноону Жаратканым эч кимдин башына салбасын. Назгүлдүн артында ай мончоктой болгон төрт кызы жетим калды. Кыздарынын алды эс тартып калган. Алар апасын сагынып куса болуп жатышат. Сиңдимдин өлүмүнө ак халатчандар эле күнөөлүү деп айтат элем. Башкасын айтпай эле коеюн, жок дегенде операцияга киргизердин алдында колундагы шакектерин чечтирип коюшпайбы! Качан эле операцияга сөйкө-шакек менен киргизчү эле? Сиңдим комага түшүп калганда аябай шишип кеткен. Колунун шишигинен улам шакектерин чече албай, акыры зергер дүкөнүнөн атайын кишилерди алып келип шакегин кестирип салышты. Эми ушул уят да!

Гүлнура МАМАЕВА, акушер-гинеколог: “Иш боюнча комиссия түзүлүп, жыйынтык чыккан”           

 Ал эми Назгүл Иманказиева тууралуу акушер-гинеколог Гүлнура Мамаева төмөнкүлөрдү билдирди:

–Албетте, Назгүлдүн жакындарына көңүл айтам. Кантип эле биз кош бойлуу аялды өлтүрүп коелу дейли. Биз деле жакшынакай төрөп, баласын бооруна кысып кетишин каалайбыз. Негизинен Назгүл мурун үч жолу операция болгон аял. “Рубец” ооруган үчүн биз шашылыш түрдө операция жасаганбыз. Бул иш боюнча атайын комиссия түзүлүп, жыйынтыгы чыккан.

Маркумдун артында төрт баласы калды. Жаңы төрөлгөн ымыркайына үч ай толду. Учурда бала Назгүлдүн кайненесинин колунда. “Өлгөндүн артынан өлүп кете албаган соң, жашоо улана берет экен. Бирок, бир да эне баласы жок өтпөсө, бир да бала энеси жок өтпөсө” –  деп сыздайт Назгүлдүн эжеси Наргүл Имангазиева.

Айбийке КИЙИЗБАЕВА, “Параграфф” гезити

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: