Чет өлкөлөрдөгү мекендештерибизге колдоо көрсөтүү боюнча координациялуу иш жүргүзүү жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты илгерилетүү максатында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинде министрдин кеңешчиси болуп Алмазбек Асанбаев дайындалды.
Бул дайындоо Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш түзүү жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана мекендештерди колдоо аракеттерин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан координациялоону камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ