Баткен облусунун Лейлек районунда кар көчкүнүн астында калып, каза болгон эки адамдын сөөгү жерге берилди.
Бул тууралуу ӨКМдин райондук бөлүмү тастыктады. Маалыматка ылайык, 29-ноябрь күнү Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылынын эки тургуну Булжумаа тоосуна жоголгон жылкыларын издеп кеткен.
Алар жөө жүрүп, 8 сааттан кийин экиге бөлүнүп издөө иштерин улантышкан. Ошол күнү алардын бири үйүнө келген эмес. Аны айылдан сегиз адам издей баштаган. Анан алардын арасынан бирөөнү кар көчкүсү басып калып, каза болот. Калган жети айылдашы анын сөөгүн айылына алып келген. 2-декабрь күнү алар ӨКМнин райондук бөлүмүнө кайрылып, бир айылдашы дайынсыз жоголгондугун кабарлашкан.
Жоголгон кишини издөөгө 25 куткаруучу катышкан. Жылкы издеп кеткен адамды 2 күн издешкен. Анан акыры 3-декабрь күнү болжол менен саат 18:00до Бужум жайлоосунан кар алдынан табышкан. Куткаруучулардын айтымында, жайлоого жөө 8 саат дегенде жетишкен.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ