Menu

Нариман Түлеев: “Алмаз Атамбаев 7 жылдагы өзүнүн баардык катачылыктарын мойнуна алды”

Бөлүшүү:

“Мен элдик Курултайдын Алмаз Атамбаевдин экс-президенттик кол тийбестигин алып салуу менен аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралу  чечимин колдодум”, –  деп билдирди бүгүн, 6-декабарда Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев журналист Бермет Букашеванын “Секреты власти” телеберүүсүндө.

“Анткени Курултайда көтөрүлгөн маселелердин баарын биз Атамбаев экөөбүз  бирге Москвага учкан самолетто талкуулаганбыз.  Анын ичинде бүгүнкү соттор ким экенин, ал сотторду акыркы 7 жылда ким тандаганын, ким мыкты соттук реформа жасадым деп мактанганын, ошол реформадан кийинки соттор бизди соттогонун, ошол эле соттор бүгүн Атамбаевдин жан-жөкөрлөрүн соттоп жаткандыгын, жакында ал соттор Атамбаевдин өзүн соттой тургандыгын, керек болсо ошол эле соттор Атамбаевди камакка аларын айтып, талкууладык. Ал ушундай мыйзамсыз соттук система түзүлүп калганын мойнуна алды. Быйыл 7-апрелде Атамбаев чыгып сүйлөгөн сөзүндө да Атамбаев өзүнүн кадрдык катачылыктарын мойнуна албадыбы. Мен 3,5 саат самолетто Курултайда айтылган Атамбаевдин кемчиликтеринин баарын ага айттым. Бүгүнкү укук коргоо органдарынын, сот системасынын абалы – бул Атамбаевдин 7 жылдык башкаруусунун жемиши да. Мунун баарын Атамбаев мойнуна алды”, – деди Нариман Түлеев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: