Menu

Бүгүн Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин депутаттарынын ортосунда футболдук мелдеш болот

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-декабрда, Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейинин алкагында, мини-футбол боюнча жолдоштук матч өткөрүлөт. Бул тууралу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы билдирет.

Мелдешке Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормоновдун жетекчилиги астында депутаттардан түзүлгөн курама командалар катышат.

Бул мелдешти ишке ашыруу үчүн Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров видео-чакыруусун өз интернет баракчасына жүктөп, аны Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов кабыл алгандан кийин мүмкүнчүлүк пайда болду.

Мелдеш Арча-Бешик конушундагы «Газпром» дене тарбия – ден соолукту чыңдоо комплексинде, саат 15-00дө өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: