Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов кыязы өзүнө чейинки ортозаар, чамасы чарк, “жаман” эле министрлердин катарын толуктай турган болуп калды көрүнөт. Себеби, акыркы эки жумада кыргыз циркинин директору Курмангазы Исанаевдин коррупциялык иштерин, түгөнбөгөн былыктарын жазбаган ЖМК калган деле жок. Бир катар депутаттар да кашкайган далилдерди да жайып көрсөтүштү. Ошондон кийин министр мырза циркке барып, чоо-жайды чала-була текшерип кеткен. Бирок жыйынтык жок. Ал ортодо директор Исанаев кызматтан алынат болгондо, ал шоу кылып, “жүрөгүн мыкчып”, ооруканага жата калган.
Бирок Исанаев министрди, өкмөттөгүлөрдү да “жайлап-майлап” салганбы, айтор мурункусундай эле көңүлдүү иштеп жатканын цирк артисттери кеп кылууда. 22-декабрда кыргыз циркинде Россиянын цирк артисттери бир ай бю өз өнөрлөрүн тартуулашат. Буга чейин Исанаев чет өлкөдөн келген ар бир цирк оюндарынан 20 миң доллар чогултуп, сол чөнтөгүнө солой турганын айтышкан. Исанаев мына ушундай ишке камынып, кардын сылап турган кези экен. Жамангулов болсо мындай шылуундарга күчү жетпей, бүжүрөп, кол куушуруп турат. Негизи министр мырзага кыргыз цирки, кыргыз маданиятынын тазалагы керекпи? Же “кекиртек” министрлер керекпи? Маданиятты оңдойм, министрликтин ишин алдыга жылдарам десе, цирктеги, опера-балет театрындагы, улуттук филармониядагы айтылуу, атактуу “кекиртектерди” кетирбесе, баягылардын эле таз кейпин кийип калаары турулуу иш…
Булак: “Багыт”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ