Борбор калаада Чыңгыз Айтматов жана Манас академиясы пайда болот. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган салтанатта өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Анын айтымында, академия Исхак Раззаков көчөсүндө курулган жаңы имаратта жайгашат.
“Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы проспект бар. Манас проспектиси Чыңгыз Айтматовдун атына которулуп жатканы символикалуу саамалык. Чыңгыз Төрөкулович “Манас” эпосунун изилдөөсүнө чоң салым кошкон. Айтматов эпостун популяризациялоосунда дагы өтө чоң ролду аткарган. Эгерде Манас биздин маданиятыбыздын туу чокусу болсо, Айтматов – биздин рухубуздун туу чокусу,” – деди Сооронбай Жээнбеков.
Ошондой эле өлкө башчы азыркы учурда жазуучунун кичи мекени – Шекер айылында “Чыңгыз-Ордо” комплекси курулуп жатканын кошумчалады.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ