Menu

Акылбек Калыков, милдеттүү медициналык камсыздардыруу фондусунун төрагасынын орун басары: “Жарандар акысыз дарыланууну талап кылышса болот”

Бөлүшүү:

Парламентте милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Чым-Коргон жана Кызыл-Жардагы психикалык ооруканалардын күзөтүн күчөтүү үчүн келерки жылы бюджеттен 5 миллион 800 миң сом бөлүп берүүнү сурап жатканын каржы министринин орун басары билдирди. Ал акчанын 2 миллион сомуна аталган фонд психикалык ооруканаларга кирпич менен тосмо курмакчы экен. Фонддун иши, бюджеттен алган акчалары кайда жумшалып, кантип бөлүштүрүлөрүн депутаттар түшкө чейин талкуулашты.

– Акылбек мырза, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна бюджеттен жылына канча сумма каралат?

– 2018-жылы 14 млрд. 320 млн. сом бөлүнгөн. Келаткан жылы психикалык ооруканалардын күзөтүн күчөтүүгө дагы кошумча каражат сурап жатабыз. Өкмөт жардам берсе, иш башталат.

– Бул акча кандай бөлүштүрүлөт?

– Бөлүнгөн акчанын 60 пайызы жарандардын стационардык жардам алуусуна, калган 28 пайызы баштапкы деңгээлге жумшалат. Ошонун ичинде «тез жардам» кызматына, бейтапканаларга бөлүнөт.
Андан тышкары, гемодиализ менен ооругандарга 354 млн. сом каралган. «Бөлүнгөн акчалар туура эмес бөлүштүрүлүүдө» деп айрым депутаттар сындап жатышат. Тармакты билген киши катары мен айтат элем, баштапкы деңгээлдеги сумманы көтөрүшүбүз керек. Себеби, стационардык жардам алууга караганда, баштапкы деңгээлде оорулардын алдын алуу практикасын жүргүзүү эффективдүүлүгүн берип жатат.

– Демек, ооруканага жаткан адам дары-дармектерди акысыз алууга тийиш экен, а бирок иш жүзүндө андай эмес го?..

– Перечень деген бар, саламаттык сактоо министрлиги түзгөн дары-дармектердин тизмеси. Дарыланууга жаткан адам ошол тизмеге кирген дары-дармектерди гана акысыз ала алат. Тилекке каршы, тизмеде жогун өзү сатып алышы керек.

– Кайсы катмардагы жарандар толук кандуу акысыз дарылана алышат?

– 70 жаштан жогорку пенсионерлер стационардык дарылануу менен акысыз дарыланышат. Аларга медициналык жардам толук кандуу акысыз көргөзүлөт. Мындан тышкары, 5 жашка чейинки балдар, кош бойлуу аялдар, төрөт үйүндөгүлөр мамлекеттик медициналык кепилдик программасынын алкагында акысыз
дарылана алышат.

– Жаран акысыз дарылануу укугун талап кыла алабы?

– Ар бир ооруканалардын кире беришинде кепилдик программасы турат. Анда кандай адамдар кандай дарылануу укугуна ээ экени жазылуу. Жарандарыбыз дарыгерлерден талап кылганга укугу бар. Эл менен жолугушууларды жүргүзүп, түшүндүрүп жатабыз, «укугуңарды талап кылгыла» деп. Камсыздандырылган жаран 330 сомдон 1800 сомго чейин, оорусунун деңгээлине, татаалдыгына жараша акча төлөйт. Камсыздандырылбаган адам 3000ден өйдө төлөйт.

Маектешкен: Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: