Азербайжандын укук коргоо органдары тарабынан туткундалган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын экс-төрагасы Адамкул Жунусовго жакынкы арада Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен бирге тиешелүү органдар барышат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда тиешелүү документтер даярдалып жатат. Ал өлкөнүн экономикасына 167 миллион сом суммадагы зыян келтиргени үчүн кармалган.
Айта кетсек, Адамкул Жунусовго КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 304-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, 2018-жылдын август айында издөө салынган. Ал 4-декабрда Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортто кармалып, Баку шаарынын убактылуу кармоочу жайына камалган.
Эскерте кетсек, Адамкул Жунусов 2013 жылдан 2016-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматында иштеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ