—Кеңешбек Асанбекович, экс-президент Алмазбек Атамбаев революцияга чейин сизди тамеки менен «пирожкиге» тыйын сурап жургөнүнүздү айтты. Буга жообуңуз барбы?
—Атамбаев оорукчан экендигин эң жакын досу, үзөңгүлөшү, партиялашы, кесиби боюнча дарыгер Туйгуналы Абдраимов айтып, диагнозун койгон. Атамбаев «оорулуу» экенин 2 күн мурун берген интервьюсунда дагы бир ирет тастыктады.
Анткени, эл билет, мен такыр тамеки чекпейм. Анан кантип мен андан тамекиге акча сурайм. Кудайга шүгүр 21 жашымдан тартып жооптуу кызматтарда иштедим, тергөөчү болдум, райондук ИИМдин бөлүмдөрүн башкардым, Бишкек ШИИБин жетектедим, ИИМдин орун басары, андан кийин ИИМдин министри болдум.
Айтор көптөгөн жооптуу кызматтарда иштегем. Мен Атамбаевден гана эмес, башка бирөөдөн да пирожкиге акча сурап көргөн жан эмесмин. Кудайга шүгүр, өз оокатыбыз өзүбүзгө жетет. Анан эми ойлогулачы, бүт элди каратып туруп карандай калпты айткан адамдын акыл-эси ордундабы же жокпу? Туйгуналы Абдраимовдун диагнозу туура экен. Муну тез арада соттук-медициналык же соттук-психиатриалык экспертизадан өткөрбөсө элдин башын айландырып, калпты биринин артынан бирин ура берет окшойт. Мен дагы бир ирет элден кечирим сурайм, мекен үчүн шейит болгон жигиттерибиздин арбагын саткан адамдын бийликке келип калганы чоң жаңылыштык болгон экен.
Маектешкен: Камчы Кадыров
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ