Menu

Конституциялык палата: парламент жогорку соттук органды дискредитациялоого аракеттенүүдө

Бөлүшүү:

 

Кечээ, 18-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Жогорку Кеңештин депутаттарынын “Конституциялык палата өз ыйгарым укуктарынан аша чаап пайдаланып жатат” деген сынына карата расмий билдирүү таратып, жооп кайтарды.

Билдирүүдө: “Айрым депутаттар Конституциялык палатанын дарегине сын айтуу менен, билип туруп, коомчулукту адаштырып, Конституциялык көзөмөл жүргүзгөн жогорку соттук органдын ишмердигин дискредитациялоого аракеттенүүдө” деп айтылат.

Ошондой эле, анда: “Кайсы бир мыйзамдын ченеми Конституцияга толук же жарым-жартылай шайкеш келбегени таанылган учурда, талашка түшкөн мыйзамды Баш мыйзамга дал келтирүү боюнча тапшырма мыйзамды чыгарган органга, тактап айтканда, Жогорку Кеңешке берилет. Жогорку соттун Конституциялык палатасы жөнүндө мыйзамга киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, мындай тапшырма өкмөткө да берилет. Себеби, өкмөт Конституциялык палатанын чечимдерин аткарыш үчүн тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыккан жооптуу орган болуп саналат,” – деп белгиленет.

Ушинтип, Конституциялык палата “экс-президенттин кол тийбестиги боюнча мыйзамды кароодо өз ыйгарым укуктарынан аша чапты, парламент менен өкмөттүн ишине негизсиз кийлигишти” деген айыптарды четке каккан.

Буга чейин аталган мыйзамдын Баш мыйзамга шайкештигин Конституциялык палата карап, “экс-президент кол тийбестикке ээ” деген 12-беренени Конституцияга каршы келет деп тапкан. Бирок “экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу импичменттин процедурасынан жеңил болбош керек” деп, бул боюнча өкмөт менен парламентке мыйзамды оңдоону сунуш кылган.

Өткөн аптада мыйзамды талкуулоо маалында Конституциялык палатанын бул сунушун айрым депутаттар жактырбай, “судьялар өз ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланды” деп сындап чыккан. Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев “аткаруу бийлигине финансылык, чарбалык иштерге көрсөтмө берүүгө Конституциялык палатанын укугу жок” деп, кесе айткан.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: