Menu

Борончу Кудайбергенов: “Жаңы бийлик тамашага түшүнөт экен”

Бөлүшүү:

-НТС телеканалында “Борончу шоу” долбоорун түптөп, бир жыл мурда ишке ашыра баштадыңыз эле, быйыл бир жылдыгын белгилейин деп турасыз. Бир жыл ичинде кандай ийгиликтерге жетиштиңиздер?

– Былтыр 2-январда баштагам, ошонун бир жылдык юбилейин январь айында эки күндүк концерт менен белгилейм. Концертте долбоорго бир жыл ичинде катышкан ырчы-куудулдар өнөрүн көрсөтүшөт. Жалпысынан жыйырма чакты өнөрпоздор катышат. Бир гана белгилүү ырчы-куудулдар эмес, ар кайсы кесиптердин таланттуулары да келген. Бул да болсо, башка кесиптердин да таланттууларын элге жеткирип, эл алдында өнөрлөрүн ачып берейин деген максатым болчу. Кудай буйруса, долбоордун бир жылдын ишмердүүлүгүндө максатымдын өтөөсүнө чыга алдым. Ийгилигибиз деп ушуну айтат элем.

– Концертте өзгөчөлүктөр, жаңычылдыктар болобу?

– Жаңы номерлерге басым жасап жатабыз. Конок болуп келген ырчы-куудулдар жаңы ырларын, жаңы номерлерин аткарышат. Жаңы Жылдын алгачкы күндөрү жыйырма өнөрпоздун мукам ырлары, тамашалары элдин маанайын көтөрөөрүнө ишенем.

– Айрыкча чыгармачылыкта устат-шакиртке өтө маани берилет эмеспи. Сиздин устаттарыңыз ким жана шакирттерди даярдай алдыңызбы?

– Менин устаттарым аксакалдар Рахман, Жамбыл, Абдылда, ыраматылык Манас. Ушулар мага жол көрсөтүштү, аларды көрүп тарбияландым, таалим алдым деп айтсам болот. Өзгөчө Манас менен көп жүрүп калдым, ал киши экөөбүз чогуу тамашаларды ойлоп таап, чыгарат элек. Андан кийин өзүм жалгыз сүйлөп, айткан тамашаларымды өзүм жазып жүрдүм. Идеяларды элден, башка сатириктерден алып, идеядан идея чыгарган учурлар болот. Кээ бирөөлөрдүн тамашасы жагып калса, аны да айтасың. Кыскасы, элдин маанайын көтөрүүгө аракет кыласың да. Кээде чыгармачылык кризис деген болот, такыр эч нерсе келбей, токтоп калгандай болосуң, андайда башка сатириктердин тамашасына сүңгүп, аны айта баштасаң, кайрадан чыгармачылык эргүү пайда болуп, кризистен чыгып кетесиң. Ошондуктан, башка сатириктердин тамашаларын да айтып туруу пайдалуу.

– Сиздердин чөйрөдө идея кызганмай барбы?

– Куудулдардан ичи кенен, артынан келаткан же катарлаш жүргөн өнөрпоздорго ой берүүдөн аянбаган жалгыз куудул, бул – Рахман Разыков. Ушул киши чыгармачылыкка кенен. Калгандарыбыз бир жаңы ой таап алсак, башкалардан кызганып, өзүм айта калайын деген кызганчаактыгыбыз бардыгын жашырбайм. Ойлоп көрсөм, бир гана Рахман Разыков башка куудулдарга да сатира жазып берип, кенен мамиле жасайт экн.

-“Ар бир айдын алтысы” долбооруңуздар да жакшы келатты эле, үзгүлтүккө учураганына эмне себеп болду. Эл жакшы келбей койдубу?

– “Ар бир айдын алтысы” эл келбей койгондон токтоп калган жок. Тескерисинче, эл абдан жакшы келип берген. Саясат, саясатчылар тууралуу айтылган тамашаларга абдан маани берилип, коомчулук биздин тамашаларыбыз аркылуу алардын кылган-эткенине баа бере баштаганын байкаганыбыздан кийин токтотууга аргасыз болдук. Мурдагы бийликтин учурунда Мискенбаев чыга калып, “Буларды камаш керек, бийликтегилерди шылдыңдап жатат”, – дебедиби. Быйыл кайра бийлик алмашкандан кийин бул долбоорду улантууга уруксат берилди. Кудайга шүгүр, жаңы бийлик тамашага түшүнөт экен. Беш-алты айдан бери долбоор иштеп жатат. Бирок, курамы өзгөрүп, жаштар ээледи. Биз аларга жол көрсөтүп, кеп-кеңешибизди айтып, аксакалдык жөнүбүз менен анда-санда чыгып коюп жатабыз. А калганы жаштардын колунда.

– Адам кырктан ашкандан кийин акыл жагынан да, күч жагынан баралына келет дешет эмеспи. Чыгармачыл адамдардын да талантынын табы кырктан ашкандан кийин катууласа керек. Сиз азыр эл бараандуу куудулдан күткөн нерсени берип жатам деп ойлойсузбу? Аткарган иштериңизге канааттануу барбы?

– Ооба, кырк менен элүүнүн ортосу адам токтолуп, ар бир кылган ишине маани берип калган курак болот. Бирөөгө сөз айтканда да ойлонуп, катуу тийип калбасын, таарынбасын, ар бир кадамыңды бул кылганым бирөөгө зыян келтирип койбосун деп таразага салып калат экенсиң. Илгери бала чакта улуулардын “Баланча аксакал элүүгө чыгыптыр”, – дегенин угуп калып, ий, жакында өлөт турбайбы деп ойлочубуз. А өзүң элүүгө чыкканыңда, жан дүйнөң дагы деле баягыдай бала бойдон калганын туясың. А бирок, турмуштук тажрыйбаларың бышып, албетте, акыл жагынан өзгөрүү болот. Мен досторго тамашалап айтып калам, элүү  жаш “өткөөл курак”, ой-жүгүртүүң, акыл дараметиң жаңы баскычка көтөрүлөт. Сиз берген суроодон улам ойлонсом, сахнада жүргөнүмө отуз жылдай болду, бирок олуттуу бир нерсе жасап жибердим деп эсептебейм. Эл арасында тамашаларымды колдоп, ыраазычылыгын билдирип калышса, сыртымдан рахмат айтам да, ичимден эч нерсени деле кыйратып жиберген жокмун го деп калам. Мурда айтып жүргөн кээ бир тамашаларымды азыр угуп, “муну эмнеге айттым экен?”- деп ыңгайсыз да болом.

– Өзуңүздүн бир канча убакыт мурда айткандарыңызга улам жыл өткөн сайын сын көз менен карайт экенсиз да?

– Мен өзүмдү телевизордон көрө албайм. Ары басып кетем, кайра бери келем. Бир ордумда отуруп көрүүдөн ыңгайсызданам. Кээде көрүүчүлөрүмө да мага чыдап отурушканына рахмат деп ыраазы болом. Ар кандай учур болот, сатираны жеткире ойной албай, оюңдагыны көрүүчүгө кенен жеткире албай каласың. Өзүңдүн купулуңа толбой калган учурда да, көрүүчү сенин мурда аткарган тамашаларыңдан улам муну да кабыл алып, каткырышы мүмкүн. Ошондуктан, терс комментарий жазгандарга да түшүнөм. Алар да балким, мен байкаган кемчиликтерди байкашты деп ойлойм.

– Терс комментарийлерге чычалабай, түшүнүү менен кабыл аласызбы?

– Ар кандай адамдар болот. Кээ бирлери туура сын айтышат. Андайда түшүнүү менен кабыл албаганга аргаң жок. Бирок, ошол эле убакта өздөрү да жасай албай, башкага да жасаткысы келбей кычыган адамдар да бар.

– “Борончу шоу” программасына да ар түрдүү комментарийлер келсе керек?

– Мен бирөөнүн көңүлүн оорутканды жаман көрөм. Ошон үчүн да башкалардын маанайын көтөрөйүн деп куудул болсом керек. Бир ирет бир эже оюн жазыптыр, “бул программаң алыска узабайт” деп. Мен “Эже, программанын эмнеси сизге жакпады? Айтыңыз, алып салайын. Жакшыртыш үчүн кандай ой-сунушуңуз бар, бөлүшүңүз”,- деп жооп кайтардым. Анан мындай жооп келди “Мына, айтпадым беле, алыска узабайт деп. А сен ишенбейсиң. Ар кимден акыл сурап отурсаң, кантип алыска узайт?” Урушкусу келип, ар кимди жөөлөгөн адамдар толтура да. Анан дагы бир кыз жазыптыр, “Мен сизди тамада, куудул деп сыйлап жүрсөм, кечээги куран окуткан жерден көргөндөн бери ал оюмдан кайттым. Кантип уялбай куран окуткан жерде жүрөсүз?”. Мен чынында, ал кыздын эмне айткысы келгенин такыр түшүнбөдүм. Кыязы, куран окуткан жерде жүрсөм да тамада катары келди деп кабыл алып алганбы, билбейм. Мен ага “Чоочун адамдардын куран окуткан жерине барып албаган чыгаармын. Ал жерде жүрсөм демек, таанышым, же жек-жаатыма баргандырмын”,- деп гана жооп жазып койдум. Адамдардын түшүнүгү ар кандай болот эмеспи, ар биринин кебин түз кабыл алып, жөөлөшкөн менен жөөлөшө берүү мүмкүн эмес.

– Алдыда кандай пландарыңыз бар? Долбоордун он, он беш жылдык юбилейлерин да өткөрүүнү ниеттенесизби?

– Аманчылык болсо уланта беребиз. Мындан ары шоуну башкачараак форматта кылалы деген планыбыз бар. Бул программа Россиянын “Вечерний Ургант” программасынын көчүрмөсү да. “Көчүрүп алдыңар”-деп жаман көргөндөр да бар. Бирок, жакшы нерсени көчүрүүнүн жаман жагы жок деп ойлойм. Элдин көңүлүн көтөрүү, эл арасында жүргөн ар тармактардын талантууларын талдап, элге чыгаруунун жамандыгы жок. Биз башка бирөөдөн, бизден башка бирөө көчүрөт дегендей, жакшы нерсени көргүң келсе, аны сөзсүз көрөсүң. Ал эми кылдан кыйкым издегендер аны да табышат. Баары адамдын өзүнөн көз каранды.

Маектешкен: Аэлита Сатындиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: