Menu

“Саясый элитанын алмашуу желаргасы жакындады…”

Бөлүшүү:

Эл ичин баарыбыз эле аралап жүрөбүз. Өзгөчө жан кашайткан нерсе – 20-30 жылдан бери келаткан “элитанын” саясый айдыңдан кетпей атканы. Эски жүздөрдөн арылып, жаңы агымга дуушар болсок, балким оңолуп кетет белек?

Элвира Сурабалдиева, ЖК депутаты:

– Бирөөнү же өзүмдү сырттан талкуулай албайм. Андай адат менде жок. Аркамды же астымды карап, кыялданып бирөөнү күткөнгө убакыт болбойт. Келерки парламенттик шайлоодо эл кандай тандоо кылат, саясый элитага кимдер келерин айтыш кыйын. Муну бир Жараткан эле өзү билбесе, азырынча сиздин сурооңузга бир беткей жооп издегенибиз убаракерчилик да. Эки жыл күтө туралы, азырынча горизонттон эч нерсе көрбөй турам.

Эмил Үмөталиев, коомдук ишмер:

– СССР мезгиливдеги «Варшава келишими», «Совет экономической взаимопомощи» деген уюмдар урап кеткен. Анткени дүйнө менен каршылашуу күчөп, алсыздыгы билинип калган. Анын аркасы менен саясый элита алмашкан. Мен муну эмнеге айтып атам, анткени, ошого окшош процесс кайталанганы турат окшойт. Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) узакка чыдагыдай эмес. Лидерлери Владимир Путин, Александр Лукашенко, Нурсултан Назарбаевдер карып калышты. Каалайбызбы-каалабайбызбы, артынан жаңы доор башталат. Эмки саясый элитанын кезеги келет. Бирок, алар күтүп отургандардан эмес, келерки замандын муктаждыгына жооп издегендерден болушат. Демек, саясый элитанын алмашуу желаргысы Кыргызстанга да тийбей койбойт.

Темирбек Асанбеков, «Мекен ынтымагы» саясый партиясынын лидери:

– Негизи азыр саясатта мазмунсуз талаш-тартыш көп. Мамлекетти өнүктүрүп кетүү багытында реалдуу стратегиянын чети жок, карааны көрүнбөйт. Бийлик институттары иш жүзүндө аткарылбас курулай убадаларды берип, жалпы коомду алаксытуу менен алек болууда. Эң коркунучтуусу – ошол популисттик сунуштарга жогорку деңгээлдеги саясый элитабыздын эсиркеп, курулай ишеним артканында. Эртели-кеч элдин социалдык жана экономикалык нааразычылыктары күчөп, иш аткарууга бийлик институттарын мажбурласа, анда биз милдеттүү түрдө ишке аралашабыз. Азырынча мазмунсуз майда-чүйдөгө аралашпай, партиянын сапатын жакшыртуу менен алекмин.

Маектешкен: Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: