“Коопсуз шаар” долбоорун коңшу Казакстан мындан 20 жыл мурун, 1998-жылы эле ишке ашырыптыр, азыр аларда 18 шаарда ушул “коопсуз шаар” долбоору иштейт экен, ошондо биз казактардан 20 жыл артта калыппыз”, – деп билдирди кечээ, 19-декабрда КСДПчы депутат Чыныбай Турсунбеков өкмөттүн “Коопсуз шаар” долбоорун талкуулоо учурунда.
“Баарынан кызыгы, алар аябай арзан жасашкан. 200дөн ашык видеокамералар орнотулган шаарларда 200 миң же 300 миң долларга эле жасатып коюшкан. Бардык 18 шаарда тең мен тактап чыктым, ошондой арзан. Биздин видеокамералардын саны алардын жарымын түзөт, бирок долбоордун баасы миллиондогон долларды түзөт”, – деди Чыныбай Турсунбеков.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ