Menu

Видео – Аида Исмаилова: “ГЭСтерде 1 квт электроэнергия 0,12 тыйындан өндүрүлөт, кыргыз жарандарына 1,61 сомдон, Өзбекстанга 1,36 сомдон сатылат”

Бөлүшүү:

“Мен өкмөттүн электрэнергияга болгон баа саясаты боюнча дайыма айтып келем. Жакында расмий жооп да алдым. Кыргызстандын ГЭСтери 1 квт электрэнергияны 0,12 тыйындан өндүрөт экен, анан аны ташып келдик, жоготтук, уурдаттык, салык төлөдүк деп 1 квт электроэнергиянын өзүнө турган наркын 1 сом 61 тыйынга чыгарышыптыр”, – деп билдирди кечээ, 20-декабрда парламенттин отурумунда депутат Аида Исмаилова.
“Азыр бизде иштеп жаткан тарифтик кош система мыйзамсыз. Ал боюнча биз 700 квт чейин электрэнергиянын ар бир киловаттына 60 тыйындан төлөйбүз. Андан ашыгына 2 сом 16 тыйындан төлөйбүз. Бул 2014-2017-жылдар үчүн кабыл алынган баа болчу. Ал кезде бизде электрэнерниясында тартыштык жаралган эле, бүгүн тескерисинче ашыкча электроэнергия пайда болду. Өзбекстанга 1 квт электрэнергияны 1 сом 36 тыйындан сатып жатабыз, бирок бизге 1 квт электрэнергиянын өздүк наркы 1 сом 61 тыйын деп айтышпады беле? Ошондо өзбектерге электрэнергияны өзүнө турган наркынан төмөн сатып, ал эми биздин жарандарга 2 сом 16 тыйындан сатканы кандай? Өзбекстанга электрэнергияны өзүнө турган наркынан (1,61 с.) төмөн (1,36 c.) сатып кандай киреше алып жатабыз? Эмне үчүн экспортту арзандатылган баада сатабыз, анда кантип энергетика тармагынын чыгымдарын жабабабыз? Кандай методология менен өкмөт 1 сом 61 тыйын баа чыгарып, элге сатып жатат? Бир айга 700 квт электрэнергия бир эле адамга жетет, бир үй-бүлөгө жетпейт. Бул чектөөнү 2015-жылы Нарын облусуна 1000 квт чейин көтөрдүңөр. Бул туура эмес, бардык тоолуу райондорго көтөрүш керек. Кыргызстандын бардык жарандары бирдей баада төлөш керек. Кыш учурунда бардык аймактарга 1500 квт жеңилдетилген тарифте – 70 тыйындан болуш керек”, – деди Исмаилова.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: