Menu

Тажикстанда мыйзам бузган ырчы 300 доллар айыппул төлөдү

Бөлүшүү:

Тажикстандын түштүгүндөгү Шамсиддин Шохин райондук соту өзүнүн тамашалуу ырлары менен белгилүү ырчы Кадами Курбоновду 3 миң сомони (300 доллардан ашык) өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирди. Ал «Каада-салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тартипке салуу жөнүндөгү» мыйзамды бузган.

Райондук соттон кабарлашкандай, Кадами Курбон уулунун үйлөнүү тоюнда бийчи кызга акча берген. Тажик мыйзамдары тойлордо жана салтанаттарда бийчилерге акча берүүгө тыюу салат.

«Кадами Курбондун акча берип жатканы тартылган видео интернетке жайгаштырылган. Сот аны он күндүн ичинде айыппул төлөөгө милдеттендирди. Ырчы соттун чечимине нааразылык билдирген жок»,— деп билдиришти соттон.

48 жаштагы Кадами Курбон өзүнүн тамашалуу ырлары менен белгилүү. Анын Youtube сервисине жайгаштырган видеолорун жүз миңдеген колдонуучулар көрүшөт. Мындан тышкары ал уулу менен бирге тойлордо жана түрдүү салтанаттарда өнөр көрсөтүп келишет.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: