Menu

Темир Сариев: “2007-жылы шайлоодо “Ата Мекен” менен “Ак шумкар” жеңген, бирок, Бакиев, Садыркуловдор менен соодалашып, парламентке СДПК менен Компартия кирген”

Бөлүшүү:

“2007-жылы парламенттик шайлоо болуп, биз “Ата Мекен” партиясы менен “Ак шумкар” партиясы бирдиктүү тизме менен чыкканбыз, биз ошондо жеңип, мен муну ачык айта алам, жеңип келгенбиз ошол шайлоону”, – деп билдирди бүгүн, 22-декабрда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Темир Сариев Бишкектеги кафелердин бириндеги Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык урматына берилген сый тамактын учурунда сөз алып сүйлөп.

“Бирок, Бакиев жана Садыркуловдор ошол убакта бизди чийип туруп,  өздөрүнүн протоколун жазып, бизди парламентке киргизген эмес, соодалашып башка партиялар кирген – СДПК менен Коммунисттер партиясы. Ошондо мен Өмүрбек Текебаевге айттым эле, “биз элди кыдырып, элдин жүрөгүндө калдык, “Ак жол” болсо барып парламенттен орун алды” деп, ошол күн 22-декабрь болчу”, – деди Темир Сариев.

Эсиңиздерге сала кетсек, Сариев ошол “2007-жылы Бакиев жана Садыркуловдор менен соодалашып парламентке кирди” деген СДПК фракциясын бүгүн Сариевдин жанында турган Роза Отунбаева жетектеген эле. Отунбаева бүгүн Сариевдин “СДПК Бакиев менен соодалашкан, парламентке биздин ордубузга кирген” деп айтканына каяша айта алган жок. “Ай, Темике, биз өз күчүбүз менен эле парламентке келгенбиз” деп айта албады же чын эле Отунбаева Бакиевдер менен соодалашып, мыйзамсыз депутат болгонбу?

Эгер “Ак шумкар” 2007-жылы жеңген болсо анда эмнеге өздөрү көзөмөлдөгөн 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңе алган жок? Шайлоонун жыйынтыгы боюнча Темир Сариевдин “Ак шумкары” болгону 78 миң добуш алып, шайлоочулардын 2,6%ынын гана колдоосуна ээ болбоду беле. Алтургай Темир Сариевдин өзүнүн кичи мекени Сокулуктан эки миң добуш алалган жок.

Эгер “Ата Мекен” 2007-жылы жеңген болсо, эмнеге өздөрү көзөмөлдөгөн 2010-жылдагы шайлоодо эң арткы орунда келип, Атамбаевдин сүрөөсүндө араң парламентке өттү? Болгону 168 миң добуш алып, шайлоочулардын 5,6%ынын гана колдоосун алды деп кулагынан көтөрүп жатып 5%дык босогондон араң өткөрүшпөдү беле.

Эгер 2007-жылы “Ак-Шумкар” менен “Ата-Мекен” элдин жүрөгүнөн орун тапкан болсо анда 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо триумф менен жеңип келбейт беле?  “Жыгылган күрөшкө тойбойт” кыргыздын лакап сөзү ушуларга карата айтылса керек.

2010-жылдагы мамлекеттик куралдуу төңкөрүш Американын аскердик базасын чыгаруу боюнча Россиянын буйругун аткарбай койгон Бакиевдик бийликке каршы Россиянын атайын кызматтары тарабынан уюштурулган атайын операция экенин азыр акыл-эси жайында болгон ар бир жаран билип калды.

Ошондой эле Темир Сариев жогорку мамлекеттик кызматтарга саясый күрөш жолу менен – шайлоолордо жеңип эмес, Россиялык империялык лоббинин сүрөмөсү менен жеткенин да тарых өз барактарына жазып келатат.

Алмаз Атамбаевди “алкаш, аны менен иштешүү мүмкүн эмес” деп баа берип жүргөн Темир Сариев, 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо партиясы менен башка чапкандай жеңилүүгө дуушар болуп, аргасы кеткенден Россиялык империялык лоббинин кеңеши менен Атамбаевдин этегине кирип кетүүгө аргасыз болбоду беле. Ошол эле лоббинин сүрөмөсү менен парламентте жеңип келген партиясы жок туруп, министр жана премьер-министр болуп турбады беле. Темир Сариев премьер-министр кезинде Таластагы 4,5 миллиард доллардык алтыны бар “Жер үй” алтын кенин ит бекер – 100 млн долларга, Кыргызстанган 1% үлүш калтырбай Россиялык олигархтарга сатып жибергени калппы?

Темир Сариев калп айтканда Геббелстин “Калпты канчалык шумдуктуудай кылып айтсаң эл ошончолук ишене берет!” деген принциби менен айтары элге белгилүү.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: