Төлгөсү төп келген, айткандары орундалган, салган төлгөсү көп кишини ойго салып чочулатып жаткан Света айым менен бу сапар көптөрдүн көңүл борборундагы маселеге айланган ажонун ден соолугу, Текебаевдин ишмердүүлүгү не болот деген суроо менен кайрылып, сурообузга жооп алдык.
– Карапайым эл Кадыржан Батыровдун камалышын, төккөн кандарга жооп беришин талап кылышканы менен анын камалып, темир тор артында отурганын көрө албай турам. Себеби анын таасирдүү адамдар менен байланышы бар. Ошон үчүн аны камоого азырынча мүмкүн эмес. Жаңы адамдар келип калып эле баары өзгөрүп кетпесе, азырынча анда камап коёт деген санаа жок.
Булак: Асман плюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ