“Шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абировдун өзүнүн “колдун кирине” татыбай турган азыноолак айлык акысынан “баш тарттым!” деп элге жарыялап жатканы – бул бетпактык менен эки жүздүүлүктүн жеткен чеги, жойпулук! Ал элдин канын башка жактан соруп жатат”, – деп жазды жарандык активист Адил Турдукулов өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында.
“Жаныбек Абировдун үй-бүлөсү Атамбаев президент болгон 6 жылда жана азыр “атагы таш жарган” Бишкек ТЭЦине коррупциялык жол менен көмүр ташып, сатып келет. Казакстандын Шабыркүл көмүр кенинен ташкөмүрдүн бир тоннасын 15-20 доллардан сатып алып, Бишкектин ТЭЦине бир тоннасын 45-60 доллардан сатып жатат. Кыргызстандын бюджети мындай шылуундуктан жыл сайын ондогон миллион долларларды жоготуп келет.
Бул уурулук схема – бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатканын айрыкча белгилеп койгум келет.
Жакында бул боюнча биздин журналисттик иликтөөнү көрөсүздөр!” – деп убада кылат иликтөөчү-журналист Адил Турдукулов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ