Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги бала бакчаларда жана мектептерде өтө турган жаңы жылдык мааракелерде тарсылдактар менен жаргычтарды колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу аты аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шаардык жана райондук окуу борборлорунун жетекчилерине, жаңы жылга карата өтө турган мааракелерде өрт коопсуздугун сактоо, көзөмөлдөө тапшырылды.
Мындан тышкары, окуучулардын ата-энелери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзуп, аларды балдардын жол эрежелерге да көңүл буруусун суранышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ