3-апрелде Жалал-Абад облусунун Сузак аймактык ооруканасында дарыгер пневмониядан көз жумду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, Сузак райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун 1956-жылы туулган А.Б. аттуу психиатр дарыгери 31-мартта Сузак аймактык ооруканасына 1- жана 2-даражадагы курч дем алуу жетишсиздиги жана пневмония менен келип түшкөн. Бейтаптын абалы оор болгондуктан, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бардык зарыл диагностикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, тиешелүү дарылоо дайындалган. Дарыгер өткөн жылдын декабрь айынан бери ооруп, өз алдынча дарыланып келгени белгилүү болгон.
“Дарыгер таажывирус менен ооруган адамдар үчүн обсервация жана изоляторлордо иштеген эмес жана үй карантинине алынган адамдарга барган эмес. ПЧР диагностикасы жүргүзүлүп, андан таажывирусу аныкталган эмес” – деп айтылат маалыматта.
“Көрүлгөн чараларга карабастан, бейтап 3-апрелде көз жумган. Бейтап өз убагында дарыгерге кайрылбай, өз алдынча дарыланганынан улам пневмония өтүшүп, дем алуунун начарлоосу, өпкө артериясынын тромбоэмболиясы келип чыккан” – деп билдирет министрлик.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ