Menu

КР Финансылык чалгын кызматынын банктарга каты кандайча жарыяланып кеткени иликтенет

Бөлүшүү:

Финансылык чалгын кызматы коммерциялык банктарга жиберген кат коомчулукка кандайча жарыяланып кеткенин иликтөөнү өтүнүп укук коргоо органдарына кайрылды. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Гуламжан Анарбаев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кеп кардарлардын эсептери жана банк уячалары боюнча “өтө маанилүү” деген белгиси бар кат тууралуу болуп жатат.

– Банктарга жөнөтүлгөн кат туура эмес чыгып кетти. Бул документ боюнча элге туура эмес маалымат берилип жатат, – деди Анарбаев.

Финансылык чалгын кызматы банктарга жиберген катты “Террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамды аткаруу талаптары менен байланыштырууда.

Буга чейин Интернетке Анарбаевдин “өтө маанилүү” деген белги коюлган, коммерциялык банктарга жиберилгени кабарланган каты жарыяланган.

Анда 17-декабрга чейин бардык кардарлардын эсептери жана уячалары тууралуу маалымат берүү талабы коюлган.

Банк тармагы боюнча экcперттер чалгын кызматынын талабы мыйзамсыз экенин айтышкан.

Ал эми Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын төрагасы Иса Өмүркулов уячалар жана эсептер боюнча маалымат алуу аракетин чыккынчылыкка теңеген.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: