Menu

БУУнун Башкы Ассамблеясы Крымдагы адам укуктарынын бузулушун айыптады

Бөлүшүү:

Ишембиде БУУнун Башкы Ассамблеясы Орусия тараптан аннексияланган Крым менен Севастополдогу адам укуктарынын абалы тууралуу резолюция кабыл алды.

Бул жылы Украина сунуштаган документти делегациянын 67си колдоду. Алардын арасында АКШ, Европа биримдиги, Түркия жана Жапония бар. Орусия, Беларус, Кытай, Индия, Сербия, Сирия, Никарагуа, Түштүк Африка, Венесуэла каршы добуш берсе, 70 өлкө «калыс» позициясын билдиришкен.

Резолюцияда Крымдагы адам укуктарынын бузулушу менен катар эле Орусия тараптан жарым аралга мыйзамсыз башкаруу орнотулуп, мыйзамдар менен юрисдикциялардын киргизилиши дагы айыпталган.

Мындай резолюциялар БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Крымдын аннексиясынан кийинки жылдары дагы кабыл алынып келген. Быйылкы резолюциянын айырмасы — мында орус бийлиги тарабынан соттолуп, учурда камакта жаткан Олег Сенцов, Владимир Балуха жана Эмир-Усейн Куку сыяктуу украин жарандарынын аты-жөнү аталгандыгында.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Геннадий Кузьмин документти «антиорусиялык, жалган, мазмуну жагынан мааниси жок» деп баалады.

Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алган. Украина, ЕБ өлкөлөрү жана АКШ жарым аралды оккупацияланган украин аймагы деп эсептешет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: