Грузиянын өкмөтү карыздын айынан «кара тизмеге» кирген 600 миң жарандын банктык карыздарын төлөп, жоюп берүү тууралуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Tengrinews.kz кабарлады.
«Сөз банктар, онлайн-уюмдар жана башка каржы институттары алдында карызы бар 600 миң жаран тууралуу болуп жатат. Жалпы жонунан сумма 1,5 миллиард лари (565,3 миллион долларды) түздү. Бүгүнкү чечимге ылайык, жарандарыбыздын бул карыздары жокко чыгат»,- деп билдирди премьер-министр Мамука Бахтадзе. Өкмөт башчы белгилегендей, 600 миң жарандын 150 миңи социалдык коргоосу жок жана дагы бир нече ондогон миңи ден-соолугу чектелген жарандар. «Биздин калк Жаңы Жылды карызы жок тосот»,- деди ал. Карыздарды жокко чыгаруу 15-декабрда башталып, айдын аягына чейин созулат.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ