Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерин сүзүп, сүйрөп кеткен Нүргүл Балтабаева 20 миң сом өлчөмдөгү айып пулга жыгылды. Бул тууралуу Ленин райондук сотунан кабарлашты.
Ал соттун чечими менен макул болбой, Бишкек шаардык сотуна кайрылды.
Эске салсак, 31-май күнү Бишкектин Бөкөнбаев көчөсүндө жол коопсуздугунун кызматкери Lexus үлгүсүндөгү унааны токтоткон, бирок айдоочу баш ийбей, унааны айдап кете берген. Кийин эреже бузуучу парламенттин экс-депутатынын кызы Нүргүл Балтабаева экендиги аныкталган.
Аталган факты боюнча КР кылмыш-жаза кодексинин «бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок Нүргүл Балтабаева жол сакчысы унаанын алдынан өзү чыга калганын билдирүүдө.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ