Menu

Жаркееванын кылмыш ишинин артында Арабаев турат

Бөлүшүү:

Эки күн мурун Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеева камакка алынып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал эки кылмыш ишине фигурант болууда. Биринчи иште ал 2016-жылы кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган, кызматтык жасалмалуулук кылган жана туура эмес өкүм чыгарган деп айыпталууда. Экинчи иши дагы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 328-беренеси («Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу») боюнча козголгон. Ал жеке ишкерлерге, кытайлык ишкерлерге кыянаттык кылган деп айтылууда. Ал эми тар чөйрөдө бул Жаркееванын  чуулгандуу чечимдеринин артында Ак үйдө соттордун “серый кардиналы” болуп келген атагынан чатагы арбын Манас Арабаев тургандыгы айтылууда. Арабаевди Жээнбеков кылмыш жообуна тартпай туруп, кызматтан алып койду. Негизи Арабаевдин ишмердүүлүгүн тыкыр текшерип койсо, Жаркееванын жанына сөз жок барат эле. Бийликтин ушул ишке дарамети жетет болду бекен?

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: