Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-декабрда, Жаңы жыл алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
Мамлекет башчысы аларды Жаңы жыл менен куттуктап, 2018-жыл жалпысынан натыйжалуу болгонун белгиледи.
Ал мыйзам чыгаруучу, аткаруу жана сот бийлигинин мамлекеттин өнүгүшүнө жана элдин бакубатчылыгына багытталган эриш-аркак иш-аракетин белгилеп өттү.
«2018-жылы пландар коюлуп, өлкөнүн бардык жашоо тармагында реформаларды жасоого негиз түзүлдү. Алдыбызда бул пландарды ишке ашыруу, мамлекетти өнүктүрүү, жарандардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча чоң милдеттер турат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы өлкөгө өнүгүүнү, ал эми кыргызстандыктарга бакубатчылык каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ