Menu

Чолпонбек Абыкеев, журналист: “Сариевдин шымы жаман жеринен айрылды”

Бөлүшүү:

 Өкмөт башына келген күндөн эле “футбол көрөм” деп алтымыштан ашык жансакчы ээрчитип барган, бир жакка чыкса канча бир машиналарды артынан ээрчитип шаң менен жүрүүнү каалаган, ашыкча сыланкорооздугу менен сөзгө илинген Т.Сариевдин да премьер-минстрлик кызматтагы таттуу күндөрү аяктады.
Амбициясы башынан ашкан Т.Сариевдин түбү бизнесмендикте жатат.  Орустун макалы бар, “карышкырды канча бордосоң деле токойду карап улуйт”- деген. Бул кызыл кулактарыңдын (бизнесмендердин) ойлогону эле кантип көп акча табыш, байыш болгондуктан “Сагызган сактыгынан өлбөй суктугунан өлөт”- дегендей, так ушул көрдүйнөгө келгенде дайым жаза басышат да кудай ургурдуку.
Жеке керт башынын абийир, ыйманын түшүнгөн жана аны баарынан жогору койгон өлкөлөрдө дарегине бүгүн Темир Сариевдин атына илингендей күнөлөө  чыкса ошол замат кызматын болбой калды дегенде иликтөө бүткүчө өткөзөт же таптакыр кетип калат да “Эми каалашыңарча текшере бергиле”- дейт. Мисалга жакында Япониянын экономика министри Акира Амари 8 миң долларлык мүлкүн декларация толтурганда көрсөтпөй калганы үчүн отставкага кетти. Биздин чоң кызматта отургандардын ичинен 8 миллион долларын жымыйта каткандары четинен чыгат. Эгемендүүлүктү алган 25 жылдан бери кызматын өз эрки менен “текшерүү бүткүчө” – деп тапшырган бир эле Ж.Оторбаев болду окшойт. Себеби таза адам биринчи кезекте өзүнө ишенет. Темир Сариев болсо кетмек түгүл кызматына “кенедей” жабышып, тескерисинче “тендер гейтти” саясий оюн, атаандаштары, көрө албастарынын ага каршы уюштурган иши катары көрсөтүүгө жанталашып, бир топ жандалбас кылып аракеттенди.
Мамлекеттик эң чоң кызматын бирин ээлеп турган чиновниктин дарегине “1.5 миллиарддан ашык сомду кулкунга урган кылмыш ишине аралаштыгы бар”- деген  айып тагылышы тамаша иш эмес. Премьер- министрлик орун ар ким эле каалаганын айтып  тийише берүүчү да орун эмес. Бул кызматтагы адамга жогорудагыдай айып тагуудан мурда ким болсо да өз жанын көбүрөөк ойлойт. Бийлик машинасынын туткасын кармап турганга адамга каршы чыгыш оңой бекен. Айып болгондо да биринчи кезекте өзүнүн министри тарабынан коюлду. Колунда бышык далилдери болбосо министр Малабаев антип чыкпайт эле го. Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү деле кат сабаты жоюлгандардан түзүлсө керек. Документтерди айрып окуй алгыдай.
Жогорку Кеңештин депуттаттары тарабынан түзүлгөн комиссия бир добуштан Т.Сариевдин айыбы далилденгенин айтып чыгышты. Комиссиянын мүчөсүнүн бири ал түгүл жаны күйүп, “колунда эч кандай документи жок эки студент кытайдан учуп келип 7 миллиард сом турган тендерди утуп ала береби? Актанса да кудайды карап актанса боло”- деди. Көрсө, тендерди уткандардын жол салып иштөөгө укуктары  да жок экен. Мөөнөтү өткөн качанкы бир “3-даражадагы жол салуучулар” деген эски документтери болгон экен. Техника түгүл, май ташыган бензевозу деле жок немелер. “3- даражадагы жол куруучу”- дегенге мындай трасса салуу эмес, жолдун жыртык тешигин жамоону деле ойлонуп беришет. Тендерге катышкандардан, документтери жайында 2- даражада жол курууга укугу бар, техникалары бар, шартты да тигилерден жакшы койгон өзүбүздүн жол куруучулар өтпөй калып жатпайбы. Бул жерде жогору жактан өтө чөң күч кийлигишкени жана ири суммада “тамак майламай” болгону сокурга деле көрүнүп турат. Документи жок түгүл тапшырган кагазыңдан бир ката кетсе мындай ири суммадагы каражат коюлган тендерге катышпай каласың. Андан да министрдин өзү эмес орун басары кол койгон документти кабыл алып, премьер-министр токтом чыгарып, ири суммадагы каражатты бөлдүрбөйт. Депутаттардын ачык талкуусуна “ташкордого түшкөндөй” болуп кабылбай отставкага эрте кеткени бир чети туура болду. Болбосо “пачагы чыгып”, нечен айтылбаган сөздөр ачык айтылат эле.
Президент А.Атамбаев “Мен коррупция менен жан аябай күрөшүп келатам. Эмгегимди баалабай атасыңар”- деп нааразы болуп жүрөт. Эгер ушул “тендер гейттин” иши аягына чыгып, 1.5 миллиарддай сомду мойсогондордун жүзү ачылса, анда А.Атамбаев чын эле коррупция менен күрөшүп жатканын иш жүзүндө далилдейт. Эртең “Коррупция менен күрөшсөңөр мендей эле күрөшүп, ишимди улагылачы”- деп кимге болсо да жүзү жарык айта алат. Жок, майнапсыз “калдыр шалдыр” менен бүтүп калса эртедир кечтир кайра эле президенттин өзүнө сөз тийет.
Эмнеси болсо да бүгүн Сариевдин “шымы жаман жеринен айрылып”, канча интрига уюштуруп жандалбасатаганына карабай депутаттык комиссия “ыштаган түлкүдөй” кылып “ийнинен” кууп чыкты. “ Кызматка келгениңди эмес, кеткениңди ойло”- деген акылмандын сөзү бар. Буга чейин 27  өкмөт башчы болгон, бирок бири да минтип “иштеп турган кезинде мамлекеттик казынадан ири өлчөмдөгү каражатты ичип жеген ишке тиешеси бар”- деген күнөө менен кызматынан кол жууган эмес. “Тендер гейт” Т.Сариевдин саясий карьерасына чекит коёт көрүнөт. Иштин чыныгы жүзү ачылып, бүт күнөлүүлөр мыйзам астында жоопкерчиликке чакырылса бир гана тапталган эски жол калды – качыш керек.
Чолпонбек Абыкеев, коомдук ишмер
Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: