Menu

Равшан Жээнбеков: Кремль өзүнүн таасириндеги президенттерди каматпайт. Бул Атамбаев үчүн эң негизги кепилдик

Бөлүшүү:

– Равшан мырза, Түлеев менен Атамбаевдин селфисинен кийин “Атамбаев эми келбейт. Ал качып кетти” деп болжогондор да болду. Бирок, ал Кыргызстанга келди. Атамбаев коркпогону үчүн кайра келдиби же ал кооптоно турган маселе жокпу?

– Атамбаев коркуп, кооптоно турган маселелер толтура. Керек болсо анын кетирген катачылыктары азыр да актуалдуу маселелерге айланды. Ошондой эле Атамбаевге бүгүнкү күндө болуп көрбөгөндөй басым болуп жатат. Ага бир эле коррупциялык маселелер эмес, партиясын тартып алуу жана анын ишенимдүү адамдарына айланган саясатчыларга кылмыш ишин козгоо боюнча да аракет күчүндө. Ошондой эле коомдук пикирдин басымдуу бөлүгү да Атамбаевге тескери болуп жатат. Мына ушунун баары саясатчы үчүн болуп көрбөгөндөй чоң басым болот.

Бирок, коомчулук канчалык каршы болсо да, анын мурдагы иштери үчүн жазалоону кааласа да, аны камай албай турган бир топ себептер бар. Биринчи кезекте, анын артында Кремль турат. Кремль өзүнүн таасириндеги президенттерди каматпайт. Бул Атамбаев үчүн эң негизги кепилдик болот. Ошондой эле мурдагы президентти камоо кайсыл гана бийлик болбосун кыйын маселе. Атамбаевди каматпай турган себептер арбын. Атамбаев саясатчы катары анын баарын түшүнөт. Каалаган жагына чыга алат. Азырынча Атамбаевди камай турган бийликте күч жана ишеним пайда боло элек. Бийлик Атамбаевди камоо боюнча чыгына да элек, чыгынбаса да керек деген ойдомун.

– Айрымдар Илмияновду Атамбаевге сокку уруу, алсыратуу үчүн камакка алынганын айтышууда. Эми ал Атамбаевди сатабы же өз чындыгы үчүн күрөшөбү?

– Илмияновдун камалышы бир эле Атамбаевге болгон сокку, ага болгон басым эмес. Мурдагы бийликтин убагында ал көп нерсеге аралашкан. Ал башкаларга салыштырмалуу көп маалыматтарды билет. Шайлоо маалында көп чечимдерди кабыл алган, саясий жана кадр маселелерин чечкен. Ошондуктан, жалпысынан алганда ал Атамбаевге каршы күрөш үчүн камалды десек да болот. Бирок, бул маселенин экинчи жагы да бар. Анын камалышы азыркы бийликке да баш оору жаратышы мүмкүн. Анткени, сот процессинде алган акчаны “азыркы бийликтин адамдарына алып барып бергем”- деп айта турган болсо, Илмиянов бир эле Атамбаевге эмес, андан башка жакка да бурулган сокку болуп чыга келиши мүмкүн. Башкача айтканда, Илмияновдун камалышы Атамбаевге эле эмес, азыркы бийликке да каршы сокку болуп калышы ыктымал.

– Илмияновду камап алып, “эл көтөрүлөт”деп кооптонгондуктан баткенчи Улукбек Кочкоровду Социалдык өнүктүрүү министри кылып дайындаштыбы?

– Биздин саясатта регионализм маселеси айтылбаганы, бийлик тарабынан таанылганы менен реалдуу саясатта орун алып эле келе жатат. Аны эки нерседен байкасак болот. Түндүктөн президент боло турган болсо, түштүктөн ишти жөндөй албаган адамдарды премьер-министрликке же спикерлик кызматка коюшат. Же түштүктөн президент боло турган болсо, ал да түндүктөн татыксыз кадрларды жогорку кызматтарга алып келүүгө аракет кылат. Эмнегедир, алсыз адамдарды, коомго анча таанымал эмес саясатчыларды топтоого аракет кылышат. Тилекке каршы, мына ушундай көрүнүштүн баары регионализмдин бөлүгү болуп эсептелет.

– “КСДП Атамбаевсиз” деген ураандын артында ким турат? Атамбаев ага каршы чыгабы?

– Менин баамымда, Кыргызстанда көптөгөн процесстер жөндөн жөн жүрбөйт. Көп процесстер бийликтин колдоосу менен ачык же жашыруун болот. Атамбаевдин партиясын тартып алалы деген аракеттер негизинен бийликтин долбоору, бийликтин чечими болуп эсептелет. Жыйынтыгы кандай болоорун айтыш кыйын. Аны социал демократтар өздөрү чечиши керек. Бири тартып алып, бири тарттырып жибергени биздин эмес, КСДПнын ички маселеси. Бирок, мен бир нерсени так билем. Атамбаевдин партиясын тартып алган күндө дагы ал тынч отуруп кала турган саясатчы эмес. Аны кандай экенин бир эле мен эмес, Кыргызстандын элинин баары билет.

Атамбаев кээ бирөөлөргө жагар, жакпасына карабай саясаттагы орду аябагандай маанилүү болот. Анткени, ал жети жылда аябагандай көп байлык, медиа топтоду. Атамбаевдин мамлекетте ролу күчтүү болбосо да кайрадан бийликке келип калуу мүмкүнчүлүгү бар. Атамбаев кыска сезимдеринен өйдө көтөрүлүп, кетирген катачылыгын эске алып, мурдагы көз караштарынан артка чегинип, системалык оппозициячыл саясатчы болгонго күчү жетсе, конструктивдүү идеяларды көтөрө алса, мамлекет үчүн пайдалуу эле болот.

Негизи президенттер байлык топтоп алгандан кийин, кайра эле саясатка келүүгө аракет кылат. Бул дүйнө жүзүндөгү болуп жаткан көрүнүштөрдүн бири.

– Равшан мырза, сиз Сооронбай Жээнбеков менен да, Атамбаев менен да жолугуптурсуз. Кимисин жүрөгүңүзгө жакын сезип жатасыз?

– Сооронбай Жээнбековдун 2-3 жакшы нерсесин байма-бай айтып жатам. Анын адам катары жакшы сапаттары бар. Биринчиси, толеранттуулугу, жөнөкөйлүгү менен адамдар менен жакшы мамиле түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Экинчи маанилүү нерсеси журналисттерге болгон басымды жеңилдетти. Анын бул аракети журналисттердин, граждандык коомдун эркин болушуна чоң түрткү болду. Бул жагдай мамлекет үчүн маанилүү. Үчүнчүсү Кыргызстанда эркин чогулуш өткөрүү мүмкүнчүлүгү пайда болуп калды. Бул дагы мамлекеттин өнүгүшүнө чоң салым кошо турган демократиялык баалуулуктардын бири болуп эсептелет. Мына ушул жакшы сапаттары мактоого арзыйт. Бирок, президент реформаларды баштай албай, кадр саясатында көп катачылыктарга жол берип, тууганчылык, “менин ыгымдан чыкпаган кадрлар керек” деген көз караштан өйдө боло албай жатат. Мына ушуларды эске алсак, ийгиликтери да, катачылыктары да бар.

Ал эми Атамбаев кеткен саясатчы. Мен ойлойм, ал каалаган күндө дагы, канча аракет кылса дагы бийликке келүү мүмкүнчүлүгү аз. Ошол эле мезгилде Атамбаев канча катачылык кетирсе дагы каражат жагынан да, медиа жагынан да ресурстуу саясатчы. Мен экөө менен тең сүйлөштүм. Экөө менен тең иштешкенге мүмкүнчүлүгүм бар. Келечекте кайсы бир маанилүү маселелер чыга турган болсо, Атамбаев менен да иштешип кетишим мүмкүн. Буюрса, эки айдын ичинде чечим кабыл алам деп турам. Анткени, бийлик реформаларды жасабай кетенчиктей берсе саясатчылар каалайбызбы, каалабайбызбы оппозицияга ыктап калышыбыз мүмкүн.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: