Алай районунда 10-класстын окуучусу асынып алышынын чоо-жайы иликтенип жатканын Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Окуя 28-декабрда кечке жуук Боз-Караган айылында болгон. Өзү жашаган үйдүн короосунда муунуп каза тапкан баланын сөөгүн атасы тапкан.
Маркумдун туугандары эч кимге доосу жок экенин айтып, милициянын сөөктү соттук-медициналык экспертизага берүү тууралуу сунушунан баш тартышкан.
Маалыматка караганда, өспүрүм Боз-Караган айылындагы мектепте былтыр окуй баштаган. Ага чейин апасы менен Орусияда жашап, ошол жакта 1-класстан 9-класска чейин билим алган. Ал атасы менен чогуу жашап жаткан. Маркумдун сөөгү 30-декабрда жерге берилди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ