Menu

Данияр Абдыкаров өкмөттү паска тээп, өзү алдыга кетти

Бөлүшүү:

ИИМдин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаровго 31-декабрь күнү «Манас» эл аралык аэропортунун вице-президенти кызматына орноштурууга команда болуп, буйрук чыгат. Эң кызыгы, Абдыкаров буга чейин министрдин орун басары болуп турганда уруксаты жок эле чет өлкөгө өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илүү менен чыгып кеткен. Ага ИИМдин жоболорун бузганы үчүн кылмыш иши козголушу керек болчу. Тилекке каршы, азыркы эле премьер-министр тарабынан чара колдонулбай, жылуу-жумшак кызматынан алынып калган. Эми болсо шөмтүрөк өкмөт көз жумду мамиле кылып, бул эргулду «майталкандуу» жерге отургузду. Натыйжада, Абдыкаров жумушка чыккан күндөн тарта коомчулуктун катуу сынына кабылууда. Ал буга чейин ЖМКлар тарабынан ИИМдеги коррупцияга, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча бир катар кылмыштарга айыпталганы жалганбы? Абдыкаров жүргөн жеринде чуру-чуу жаратып келгени боюнча интернеттеги архивдерден издесеңер бадырая чыгып келет. Башкасын айтпасак да, кечээ эле Канат Исаевге көз боёмо чагым уюштуруу менен камакка алууга материалдарды даярдатканын, иш жүзүндө бүтүндөй Кыргызстанга каралатуу менен камакка алганын мойнуна алабы?.. Дал ушундай коом астында шектүү немени «Манас» эл аралык аэропортунун жооптуу кызматына дайындоону кандай түшүнөбүз? Ансыз да бийликтин кадр саясаты сазга батып, сын-пикир көп айтылып аткан чакта Абдыкаровдой «азаматтар» четтей турса болмок да, туурабы? «Болор иш болду, боёосу канды» деп отуруп калсак, Акүйдүн кадыры мындан ары да төгүлө берет. Эмесе, кеч боло электе эсибизге келип, Даниярды кызматтан четтетүүнү коомчулуктун талабы катары түшүнөлү.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: