Menu

Садыр Жапаров: “Райымбек Матраимовдун бошотулганы – бул саясий чечим”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин м.а. Садыр Жапаров пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Бажы кызматынын экс-орун басары Райымбек Матраимов эмне үчүн бошотулганын түшүндүрдү.

Анын айтымында, Матраимов боюнча саясий чечим кабыл алынган. Ал белгилегендей, мурдагы бажы кызматкери бюджетке 2 миллиард сом төлөшү керек.

“Матраимов УКМК тарабынан кармалган. Андан кийин мага кабар беришти: “кармап келдик, камаган жатабыз” деп.6-7 саат бо сүйлөшүүлөр жүрүптүр. Аны камап койгондо, мамлекетке бир тыйын да акча алып келе албайт элек. Ошондо мен саясий чечим кабыл алып, УКМКнын төрагасынан сурандым.Ал өзу дагы “меени камап койгонуңар менен эч нерсе келбейт, андан көрө мыйзамсыз алган акчалардын барын Кыргызстанга кайра алып келип киргизип берем” деп ачыгын айтып, суранган. Андан кийин биз ушундай саясий чечим кабыл алганбыз”, – деп билдирди Садыр Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: