Атамбаевдин аткошчусу бодуп жүрүп ИИМдин орун басарлыгына чейин жетип, ал жактан далай ыплас иштерге аралашканы ММКларга кеңири жайылып, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев ит атарга салыштырган «айтылуу» Данияр Абдыкаров «сууга чөкпөс» касиети менен «Манас» аэропортунун авиациялык коопсуздук жана тартип дирекциясынын жетекчиси болуп дайындалып калганы элдин кыжырын кайнатууда. Бул эмне деген шумдук деп жерге түкүрүшүүдө. Чындыгында эле бул кысталактын келиши таптакыр мүмкүн эмес эле. ИИМдин орун басары болуп турганда мыйзамды тебелеп-тепсегендиги боюнча узун сабак кептер айтылган. Эми кыргыздын арасынан камчыга сап кадр табылбай калгансып так ушуну жетелеп келгени неси? Же бул көрүнүш кызматтын баары сатылып калгандыгын далилдейби?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ