Menu

Ыңгайсыз суроолор: Өкмөттүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевге

Бөлүшүү:

Абиш Халмурзаев деген губернатор бар эмеспи, азыркы тил менен айтканда өкмөттүн Баткен областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Бул эргулдун буга чейин бир топ алешем иштерин жазган элек, жакында журналисттердин иликтөөсү менен биротоло абийири айрандай төгүлүптүр. «Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр» дегендей, ажыга барган Абиш жеке мейманканасында сойкукана иштетип, «көпөлөк» кыздарды саатына 1 миң 200 сомго пулдап, асмандан жааган акчага туйтунуп жатканы ачыкка чыкты. Эми айткылачы, эң ыплас ишти жасап жаткан адам бир областы башкарганга моралдык акысы барбы? Алтурсун 2012-жылы матрезервдеги  2126 (эки миң бир жүз жыйырма алты) тонна буудайды кымырып, бүгүнкү күнгө чейин кайтарбай жатканы эмне деген митайымдык, эмне деген жүзү каралык? Бул мамлекеттин эле эмес, жалпы элдин бетине түкүргөн менен барабар да! Соттун чечимдерине моюн толгоп, чечимдерин аткарбай, 7 жылдан бери кутурганын кандай түшүнөбүз? Эгер өкмөт адилеттүү болгондо бул адам бир облустун төрүндө эмес, темир тордун артында отурмак. Мындай чиновникке чара көрүлбөсө, анда кыпындай дагы адилеттүүлүктөн үмүт кылыштын кереги жок.

—Абиш мырза, эмне себептен матрезервдеги буудайды өз учурунда кайтарган жоксуз? Элдин эсебиндеги, мамлекеттин казанындагы кымырып алганга кантип дитиңиз барды? Сойкуканадан жылына канча киреше табасыз? Далилдүү фактылардан кийин моралдык айыбыңызды сезип, отставкага кеткенге эркиңиз жетеби?Же айрым министрлерчесинен Президент өзү кубалаганга чейин кызматтан кетпей тырышып, бетиңизди тултуйтасызбы?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: