Menu

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат: “Жаңы жылдан баштап турмушка аша баштаган эрежелердин баары – президентке карата диверсия!”

Бөлүшүү:

Профессор Каныбек Осмоналиев менен коомчулуктун көңүл борборуна алынган айып пулдардын жогорулашы жана түкүкрүккө 5 500 сом төлөө боюнча ой бөлүштүк.

– Каныбек мырза, Жаңы жылдан баштап күчүнө кирген мыйзамдар коомчулукта чоң талкуу жаратууда. Коомдук жайларда түкүргөнүң үчүн 5 500 сом төлөйсүң деген айып пул акылга сыйарлык эле ишпи?

– Аткаминерлердин бул кадамы осол эле иш болду! Мурда дегеле мындай пастык иш чаралар болгон эмес. Элди биротоло эле келеке кылып алышты го? Башка мамлекеттеги кээ бир тамашалаш достор тамашалап эле жатып калышты.

– Эселеп жогорулаган айып пулдар айдоочуларды да капа кылды. Мас болуп, рулга отурса 17 миң 500 сом деген айып пул да ашыкча экенин айтып жатышат. Бул боюнча не дейсиз?

– Мас болуп рулга отургандарга убал жок! Менимче туура эле чара. Керек болсо камаганга чейин баруу керек! Бирок, ошол айып пулду кимдин колуна берип жатышат? Баягы эле бети жоктордун «иши жүрүшүп, ити чөп жей берет да”- деген маселе кошо жаралууда.

Бийлик эмне эле «адам факторун» жоюудан качып жатканына таң каласың. Кана виднокамераларды орнотушканы. Элди МАИлерге салып беришти!

– Эмне үчүн айып пулдарды көбөйтүүдө элдин жашоо шартын, капчыгын эске алышкан жок?

– Бул кадамы менен бийлик элден биротоло оолактап кеткенин билгизип койду! Мындай жаман белгилерин мурда деле байкап келдик эле. Азыр эми элди биротоло эле сезбей калышкандай! Аттин гана дештен башка айла жок болуп калды.

– Ак үйдү карап түкүргөн баланын абалы соцтармакта кызуу талкуу жаратты. Бири азыркы чиновниктердин ишине ичи чыкпаганы үчүн түкүрдү десе, экинчиси аны боштуу үчүн акча чогулта башташты?

– Бул бүт дүйнөгө шерменде деген эле көрүнүш. Сөз жок. Бийликке уят эле! Мындай нерсенин баары президентке карата диверсия, шантаж жана анын иштерине каршы саботаж болуп жатат!

– Эмнеге кыргыз коому эң жөнөкөй эрежелерди сактагысы келбейт? Тартипти сактоодо дагы укук коргоо органдары-нын иш-аракети да жөнгө салынышы керекпи?

– Укуктук нигилизм деген ушул. Төбөлдөр өздөрү үлгү болуп болуп жатышпайбы? Укук коргоо органдарынын эч кандай эрки жок. Мыйзамды көздүн карегиндей сактоо гана кыргыз элин балакеттен коргоп калат! Ким авангард боло алаар экен? Элдин бирден-бир суроосу эле ушул болуп калды, азыр!

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: