Menu

Израиль Сирияга сокку урганын тастыктады

Бөлүшүү:

Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху акыркы күндөрү анын өлкөсү Сирия аймагына сокку урганын тастыктады.

– Акыркы 36 саат ичинде аскердик аба күчтөр эл аралык Дамаск аэропортунун Иран куралдары сакталган кампаларына чабуул жасады, – деди ал.

Израиль аскер учактары Дамаск тарапка бир нече ракета коё бергенин 11-январда сириялык мамлекеттик басылмалар билдирген. SANA агенттигинин маалыматына караганда, алардын көбү атып түшүрүлгөн, бирок ракеталардын бири Сирия борборундагы аэропорт кампасына түшкөн.

Нетаньяху телекайрылуу жасап, “жүздөгөн соккулардын” натыйжысында Израиль “Ирандын аскердик кийлигишүүсүн ооздуктай алганын” билдирди.

Израиль аскерлеринин Сирияда активдүү согушуп жатканын мойнуна алуу – Тель-Авив үчүн сейрек учур.

Иран, мындан тышкары Орусия жана “Хезболла” экстремисттик тобу 2011-жылы мартта башталган аскердик жаңжалдан бери Сирия президенти Башар Асадды колдоп келишет.

Сириядагы согуштан 400 миңден ашуун адам көз жумду, миллиондогон киши өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болду, көптөгөн тарыхый эстеликтер талкаланды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: