Menu

Арина Сулайманова, “Кыргызстан сулуусу – 2018” сынагынын жеңүүчүсү: “Сынакка катышууга ырчы айым Анжелика чакырды”

Бөлүшүү:

Болочокто моделдик бизнес менен ийгиликтерди жараткысы келген сулуу кызыбыз Арина Сулайманова биздин бүгүнкү коногубуз.

– Арина, канча жаштасың? Ийгиликтериң тууралуу ой бөлүшсөң?

-16 жаштамын. Жакында эле болуп өткөн «Кыргызстан сулуусу-2018» сынагында үчүнчү орундун ээси болдум. Бул жеңишим келечегиме зор таасирин тийгизди. Өзүмө ишенүүчүлүк сезимин тартуулады.

– Кайсы жакта билим аласың?

-Учурда финансы техникумунда окуйм. Финансы техникумунда аз убакыт окусам деле көп нерселерди үйрөндүм, көптөгөн досторду күттүм. Техникумдун тартиби катуу, окуусу кызыктуу. Студенттердин билим алуусу үчүн баардык шарт түзүлгөн.

– Сен суктанган кыргыз моделдери барбы?

– Биздин модель кыздарыбыздын баары абдан сулуу. Дагы көптөгөн сынактардын катышуучусу болгон сулуу айымдарыбыз бар. Аларга суктанам жана баалайм. Бул сынакка катышуу менин жашоо турмушума чоң өзгөрүү алып келди. Ырчы айым Анжелика эже аркылуу бул сынакка катышып калдым. Ал бирге иштешүүгө чакырды.

– Жигиттер тууралуу кеп козгоого эрте болсо керек…

– Азырынча жигиттер менен мамиле күтүү, үй-бүлө тууралуу ойлонуу мен үчүн эртелик кылат. Учурдагы биринчи максатым – билимимди улантуу.

Айсулуу Асыл кызы 

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: