Menu

Парламенттин жыйынына эки жолу катышпаган мамлекеттик органдардын жетекчилерин кызматтан алуу сунушу киргизилди

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кароосуна депутат Азамат Арапбаев тарабынан демилгеленген “Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору коюлган. Бирок, бул маселе боюнча эң негизги жоопкерлер – экономика министри менен Салык кызматынын төрагасынын комитет жыйынына келбегени эл өкүлдөрүн нааразы кылды. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Бул көнүмүш адатка айланып баратканын белгилеген эл өкүлү Акылбек Жапаров өкмөт өкүлдөрүн тартипке чакыруу үчүн  парламент жыйынына келбеген жетекчилердин жоопкерчилигин кароо, мыйзам долбоорлорун жыйындын күн тартибинен алып салуу зарылдыгын белгиледи. “Жетекчилердин бирөө өз жыйынында, дагы бири отпускада экен. Келбесе алардын бир дагы маселесин карабайбыз. Жыйынга эки жолу катышпаса, аларды кызматтан алуу тууралуу сунуш кийиребиз”, – деди ал.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги  өкүлүнүн берген жообу ого бетер депутаттардын ачуусуна тийди. “Өкмөттүн өзүнүн мыйзам долбоору каралганда министрлер жыйынга келбей койсо, анда аларды катуу жазаласа болмок. Бул мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат болуп жатпайбы, орун басарларынын катышуусунда деле карай берсе болот да”, – деди ал.

Депутат Сайдулла Нышанов ага карата мындай жооп жолдоду: “Сиз бизге акыл үйрөткүдөй кимсиз. Андай карма, мындай карма деп жатасыз, тим койсо. Эмне үчүн Жогорку Кеӊештин мыйзамы болсо замдар келиши керек экен? Бул жер базар эмес, конституциялык органдын жыйыны болуп жатат!”.

Эми мындан ары чакырылган министрлер жыйынга келбесе, тармактык комитеттин мүчөлөрү да мыйзам долбоорлорун кароого ашыкпайт. Мыйзам долбоору жыйындын күн тартибинен алынып салынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: