Menu

Аскарбекке баш ооруткулары келбейт

Бөлүшүү:

Эгерде Кыргызстанда дүйнө-мүлкү калган болсо Шадиевдин жанын коюшмак эмес. Анткени байлык дегенде жантыгынан жата калган ачкөздөр бизде толтура да. Тилекке каршы Аскарбек куу экен кетерде болгон ири мүлктөрүн кызылдай акчага сатып туруп анан сапарын улаптыр. Андай болгон күндө деле чоң жылдызы бар чиновниктерге ооз басырык таштабаганда
башкаларга окшоп бул эргул деле түрмөдө эки көзүн тостойтуп отурмак. Кызылдары, каралары байдын “таманын” соруп жыргашмак.

Эми болсо Америкадагы качкынды кантип өлкөгө кайтарышты “чекисттер” билбей отурушабы деген суроо туулат. Жок. Алар башын ал маселеге оорутуп эмне кылмак эле? Эгерде өтө үлкөн адамдан суроо-сопкут чындап түшсө Шадиевди алып келиш оңой эле. Ал эмне Жаныш болуп кетиптирби? Ага тиштери өтпөйт. Тиштегенде эле отуз эки тишин таш чайнаткандай күүп
салышат. Ошондуктан бул жерде башка маселе камтылган. Аны тереңирээк ойлонуп түшүнө алгандар гана боолголой алууга кудурети жетет. Калгандар качкынды унутуп деле калышты. Азыр болсо анын адвокаты ар кайсы эшикти сагаалап, тешик издеп жүрөт. Балким таап калышы да ыктымал. Акча деген “керемет” эмнелерге гана түртмөктөбөйт а-аа?

Булак:  «Ачык сөз»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: