Menu

Өздөн чыккан жаттар

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө миңдеген мекендештерибиз тишинин кирин соруп ар кайсы өлкөдө үй-бүлөөсүн багуу үчүн, нанын актап жегенге умтулганы калп эмес. Айрым журтташтарыбыз иштин көзүн таап, ал тургай чакан ишкерлик жайларын ачып тыңып калышты. Ал эми сабаты жоктордун басымдуу бөлүгү кара жумуш менен алпурушуп оокатын жасоодо. Айтор, ар ким өзүнүн шартына
жараша турмушун кечирип жаткан кези. Биз болсо алардын Кыргызстанга жиберген каражатына мактанып жатып калабыз.
Бирок, ошол акча кандай тер менен кыйын жагдайда табылып жатканына негедир кызыкпайбыз. Колго тийген каражатты кантип тез коротушту гана билебиз. Ушул жагы жаман болуп турат.

Эң өкүнүчтүүсү – кээ бир макоолор оңой жол менен жан багууну көздөшкөнү кооптуу. Анткени бул оңбогурлар мээнет менен табылган каражатка ээ болуп калууга, жемсөөсүн арам акчага толтурууга куштар. Жакында эле отуздан эми ашкан криминалдык багытка чап салган эргул Москвадан капканга түштү. Ал жалгыз эмес экен. Жанында өзүнө окшогон «кузгундар» жүргөнүн, аңчылыкка бирге чыкканы боюнча ачуу маалымат чыкты. Буларга окшогон суу куйдулар башка аймактарда да бар экендигин билебиз. Арам илдетке чалдыккандар ар кайсы жерде жүз берген тополоңдорго да активдүү катышаары маалым. Кыскарта чапканда өздөн чыккан жаттар абдан коркунучтуу. Анткени алар ак менен караны ылгабайт.

Булак:  «Ачык сөз»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: