Menu

“Абылгазиев, “2”, чык эшикке!”

Бөлүшүү:

Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр болуп шайланганына үч күндөн кийин тогуз айдын жүзү болот. Мындай убакытта наристе деле жарыкка келет эмеспи. А өкмөттө кандай, премьер-министрдин ишмердүүлүгү жеткилеңби же «кеткилеңби»? Абалды серепчи жана коомдук ишмерлер айтты. «Чык эшикке! Абылгазиев, сага «2» дегендей эле баа коюлду…

Асия Сасыкбаева, коомдук ишмер:

– Бизде канчалык өкмөткө баа берүүгө аракет кылсак деле майнап чыкпайт. Же бир эле баа болушу мүмкүн, «канааттандырарлык эмес» деген. Менин сунушум боюнча өкмөттүн кызматын жаңы системага киргизиш керек деп эсептейм. Аны «Долбоорлоо-программа системасы» деп атасак болот. Ал жерде ар бир органдын иш алып баруусу канчалык деңгээлде аткарылып жатканы айкын болуп турат. Белгиленген этап боюнча катуу көзөмөлдөнүп, жыйынтыгы чыгарылат. Туура эмес каржыланган каражаттардан арылтып, таасири жакшы болмок. Бул эми мамлекеттин акчасын кымырып ала тургандар үчүн пайдасыз жана кереги жок система. Мындан сырткары, өкмөттүн курамындагы кадрларыбыз чабал болуп атат. Чабалдыгын ушундан билиңиз, кайсы гана секторду албайлы, «ап бали! Бул министр же министрлик жакшы иштеп атат» деп айтууга оозубуз барбай турат. Демек, биздин жарандардын жашоосунун жакшырышына премьер-министр Абылгазиев баш болуп пайдасын тийгизген жок. Жакында эле парламентге 2019-жылдын бюджетин кабыл алууда өмөткө 80ден ашык суроолор берилди. Жалпылаганда, баары эле айыл өкмөттүн деңгээлинде болгону кейиштүү жагдайды көрсөттү. Анан биз кантип Мухаммедкалый Абьшгазиев жетектеген өкмөттүн ишин сындабайбыз? Уят…

Темирбек Асанбеков, «Мекен ынтымагы» партиясынын лидери:

– Азыркы саясый кырдаалда премьер-министрдин экономикалык шартты өзгөртүүгө да, сапаттуу ишмерлер менен аткаруу өкмөтүн түптөөгө да мүмкүнчүлүктөрү жокко эсе. Премьердин тандоосу менен негизделбеген өкмөт мүчөлөрү, ар түрдүү мазмунсуз мыйзамдарды, токтомдорду коомго сунуштап, өкмөт башчыны өтө ыңгайсыз саясый абалга алып келип такашты. Премьер-министрдин ак ниети, ыймандуу тилектерин иш жүзүндө аткарылуусуна тоскоолдук кылган көп себептер бар экени айдан ачык байкалып турат. Премьер-министр калп эле чынчыл көрүнүп, курулай убадалары менен карапайым элди алдап, саясый упай чогулткандан эч нерсе өзгөрбөшүн билебиз. Саясый туруктуулукту камсыз кылып, азыркы социалдык жана экономикалык оор абалды коомго түшүндүрүп, элдин колдоосу менен маселени биргелешип чечүүсүнө эрки, кайраты жетпей атканы өкүндүрөт. Эмне үчүн элдин колдоосу деп атам? Анткени, татыктуу иш жыйынтыктарын элдин колдоосу жок көрсөтө албайт.

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

-Тилекке каршы, мамлекетибиз саясый, экономикалык жана укуктук жагынан оор абалга кептелип калды. Буга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да түздөн-түз тиешеси бар жана кол алдындагы министрлер жоопкерчиликтүү. Учурда мамлекетке  эң коркунучтуу нерсе пайда болду, азыркы чалды-куйду жазылган кодекстердин кабыл алуусу жөнүндө айтып атам. Сот системасы жөнүндө кеп козгобой эле коёюн. Азыркы кабыл алып аткан мыйзамдардын баары эле мамлекеттик казынага каражат чогултуу амалы. Бирок, анын кандай пайдасы же зыяны бар, ошол эле премьер-министрдин акчаны каалагандай жакка которуп жатканы бир топ нааразычылыктарды жаратууда. Мындай кемчиликтер буга чейинки премьер-министрлерде да болуп келген. Эми ошону жок дегенде азыркы премьер-министр кайталабай койсо болот беле? Мухаммедкалый мырза өзү мурунку министр, ошентсе да өзүнүн эрки менен иш алпара албаган адам экен. Ошондой эле министрлер кабинетинин курамына кирген адамдардын жана жардамчыларынын стратегиялык анализ жүргүзүү, иш тажрыйбалары чабалдык кылып атат.

Клара С00р0нкулова, коомдук ишмер:

– Президент жоопкерчиликтин баарын өзүнө алып жатканда, өкмөттөн бир нерсени талап кылыш кажетсиз. Жалпысынан өткөн жылдагы негизги иши жаңы кодекстерди ишке киргизүү боюнча аракеттерге «2» деген баа койсо болот. Мындай баага татыктуу болгонуна Мухаммедкалый Абылгазиевдин салымы чоң жана наркы кандай экенин айтпаса да түшүнүктүү. Ал эми ар бир министрлик же секторлордун жалпы иш алпаруулары боюнча узун тема. Айта берсе сөз түгөнбөйт. Ага убакыт коротуунун кажети жок.

Болуш Саив, серепчи:

– Эмне үчүн азыркы премьер-министр өз алдынча жакшы иштей албай атат? Анткени, объективдүү жана субъективдүү себептер көп болууда. Ошондуктан жеке өз көз карашымды жана аксакалдык сунушумду айта кетүүнү эп көрүп турам.

Биринчиси, эбегейсиз чоң министрлер кабинетин башкаруусу өтө кыйынга туруп атат. Андыктан аны кескин түрдө кыскартыш керек.

Экинчиси, шашылыш, аягына чейин ойлонулбай түзүлгөн программалар өз жемишин бербей жатат. Андайларды кайрадан иштеп чыгуу зарыл.

Үчүнчүсү, Абылгазиев мырза показуха командировкаларды кескин түрдө азайтсын. Анын айынан бюджеттик акчалар  үнөмдөлбөй атат. Башка тармактык министрликтерге бул ачык-айкын сабак болмок.

Төртүнчүсү, мен билгенден өкмөттүн түзүмүн реформалоого күчү жана эрки жетпей жатат, муну чечмелөөнүн кажети жок.

Бешинчиси, министрлер кабинетинен баштап, жергиликтүү органдарда дасыккан профессионалдардын жоктугу, анын кесепетинен дүйнөлүк жана регионалдык чакырыктарга туруштук бере албай жатышат. Ошондой эле аларга айкалышкан иш-чаралар ар дайым кечигип калып жатат.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: